15.05.2024
Кыргыз-Россия Славян университетинде “Кытай көпүрөсү – 2024: Билим берүү жана илим тармагы” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Бул туурасында аталган окуу жайдын уюштуруучулары билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, конференциянын расмий бөлүгүндө КРСУ ректору Денис Фомин-Нилов, Лимин профессионалдык университетинин проректору Линь Чжаоюн, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Апаева, Кусеин Карасаев атындагы БГУнун Кытай филологиясы кафедрасынын башчысы Өмүралиева катышы.