Кыргыз-Россия Славян университетинин мектебинде жаңы окуу жылынан тарта билим берүү акысыз болот. Бул тууралуу университеттин маалымат кызматы билдирди.

Демилге Россиянын Билим берүү жана илим министрлигине таандык.

«Жаңычылдык мектеп окуучулары үчүн сапаттуу билимди жеткиликтүү кылууга жана алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган. КРСУнун мектеби орто билим берүүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат, муну бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери тастыктоодо. 2024-жылы мектеп бүтүрүүчүсү Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон. Бул — окуучулардын даярдыгынын сапатынын далили», — дешти университеттен.

 

Читать полностью