10.01.2025
Бишкек, 10.01.25. Кабар/. Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин демилгеси менен Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) жалпы билим берүү мектеби 2025-жылдан баштап бардык окуучулар үчүн акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
Жогорку окуу жайдан билдиришкендей, окуучуларды акысыз окутуу мектеп окуучулары үчүн сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган.