14.03.2025
Талас районундагы “Жерүй” кениндеги өндүрүш менен Кыргыз-Орус Славян университетинин жана Россиядагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү таанышты. Делегация карьерден баштап, калдык сактоочу жайга чейин көрүп чыгышты. Алар өндүрүштөгү жаңы технологияларды жактырышты. Ошондой экологиялык талаптардын аткарылышын , компаниянын коомчулук алдындагы социалдык милдеттенмелери боюнча иш аракеттерин жогору баалашты.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы менен Кыргыз Орус Славян университети менен кадрларды даярдоо боюнча тыгыз кызматташып келет.