04.02.2025
«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду.
Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты – КРСУ менен өлкөнүн алдыңкы тоо-кен компанияларынын бири ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө. Читать далее