Дистанциялык билим берүү технологияларынын борбору

Борбордун директору
Чуракаева Елена Владимировна
720065, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй пр., 42, 7-корпус, 416-бөлмө

Борбордун негизги максаттары жана милдеттери

Максаттар:

  • жаңы, заманбап формаларды, технологияларды жана окутуу каражаттарын, анын ичинде электрондук билим берүү материалдарын жана Интернет тармагынын киргизүү аркылуу студенттерди жана курстун угуучуларын даярдоонун сапатын жогорулатуу;
  • мугалимдердин активдүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатуу;
  • окуучулар үчүн билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
  • негизги иш чөйрөсүн кеңейтүү, билим берүү кызматтарына суроо-талапты өбөлгөлөө, билим берүү кызматтарынын рыногун кеңейтүү;
  • региондук жана глобалдык билим берүү мейкиндигине катышууну, анын ичинде жеткиликтүү билим берүү контенти менен алмашууну жана аны толук пайдаланууну камсыз кылуу;
  • ДББТнын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, аны классикалык билим берүү формалары менен интеграциялоо;
  • экономикалык потенциалды чыңдоо, билим берүү процессин уюштуруу жана ишке ашыруу чыгымдарын минималдаштыруу;
  • башка университеттердин атаандаштыгынын өсүп жаткан шартында өзүнүн артыкчылыктарын ишке ашыруу.

 

Милдеттер:

  • сырттан окуу формасынын окуу процессинде дистанциялык технологияларды колдонуу методикаларын жана тартибин иштеп чыгуу;
  • маалыматтык жана билим берүү ресурстарын сактоонун, каталогдоонун жана актуалдаштыруунун техникалык каражаттарын колдоо;
  • университеттин маалыматтык, илимий-методикалык, уюштуруучулук-техникалык жана педагогикалык дараметин жогорулатуу;
  • КРСУнун бүтүрүүчүлөрүнүн даярдык деңгээлин жогорулатуу;
  • билим берүү процессин уюштуруунун жаӊы тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу;
  • билим берүү, илимий-өндүрүштүк, эл аралык, ишкердик жана башка ишмердүүлүкктөдү жүзөгө ашырууда учурдагы мыйзамдарга карама-каршы келбеген жана университеттин мындан аркы өнүгүү муктаждыктарын канааттандырган интеллектуалдык, эмгек, материалдык-техникалык ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • дистанциялык окутуу процессинин катышуучуларынын иш-аракеттерин координациялоо;
  • дистанциялык окутуу сабактары боюнча электрондук окуу-усулдук комплекстерди түзүүдө кафедраларга, авторлорго, иштеп чыгуучуларга методикалык жардам;
  • дистанциялык окутуу процессин технологиялык камсыздоо;
  • маалыматтык-эсептөө борбору менен бирге окуучулар менен дистанциялык технологияларды колдонуу менен интерактивдүү өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
  • окутуучу-консультанттарды даярдоону жана адистердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу.

 

Дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин окуу-методикалык камсыздоонун негизин мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыккан электрондук маалымат каражаттарындагы окуу-методикалык материалдар түзөт.

 

Университетте дистанциялык билим берүү технологияларын колдонгон окуу процесси персоналдык компьютерлер, web-камералар, проекциялык жабдуулар, билим берүү процессинин катышуучулары үчүн окуу маалыматтары жана жумушчу материалдар камтылган жергиликтүү жана алыскы серверлерге кирүү үчүн программалык камсыздоо, окуу процессин уюштуруу жана окуу-методикалык ресурстарга оперативдүү жеткилик алууну камсыздоо үчүн жетиштүү болгон өткөрүү жөндөмүнөө ээ болгон Интернетке туташкан жергиликтүү тармак менен камсыздалат.