Медициналык борбор

Борбордун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор
Камарли Закир Пашаевич
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, кичи район. Аламүдүн-1, 31/5
(996-312) 63-13-32

Жалпы маалымат

Кыргыз-Россия Славян Университетинин Медициналык борбору (КРСУ МБ) өз курамына консультативдик клиниканы, диагностикалык бөлүмдөрдү жана жардамчы кызматтарды камтыган көп профилдүү дарылоо-диагноздоо мекемеси болуп саналат, анын өзүнүн жалпы жана маалымкаттар, бейтап баракчалар үчүн мөөрү бар. МБ коммерциялык эмес уюм болуп саналат жана кирешелерди өз ишинин башкы максаты катары койбойт.

МБ өз ишинде КРСУнун Уставы, университеттин ректору жана Окумуштуулар Кеӊеши тарабынан бекитилген, университетте колдонулуп жаткан Жоболор жана нормативдер менен жана ошондой эле ушул Жобо менен жетектелет.

 

КРСУ МБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Медицина факультетинин студенттери үчүн окуу процессин жана КРСУнун башка факультеттеринин студенттери үчүн медициналык билимдин негиздери боюнча сабактарды уюштуруу.
  • Студенттерге, КРСУнун кызматкерлерине, ошондой эле калкка акы төлөнүүчү негизде дарылоо-диагностикалык жана башка медициналык жардамдарды көрсөтүү.
  • Саламаттыкты сактоо жана медицина жаатында, ошондой эле чектеш сабактарда (биотехнология, экология ж.б.) илимий изилдөө жүргүзүү
  • Өзүнүн иши жөнүндө отчет MU: белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине, ошондой эле КРСУнун Окумуштуулар кеңешине берет.

 

Каржылоо жана штаттар.

Медициналык борбор РФнын федералдык бюджетинен, КРнын республикалык бюджетинен жана акы төлөнүүчү медициналык кызматтардан түшкөн кирешелердин эсебинен каржыланат.

МБ - КРСУнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Кирешелер жана чыгашалар боюнча МБнын атайын каражаттарынын финансылык эсеби университеттин бухгалтериясы тарабынан өзүнчө субэсеп боюнча жүргүзүлөт.

Борборду директор башкарат, ал университеттин ректору тарабынан 5 жылдан кем эмес административдик иш тажрыйбасы бар, медицина илимдеринин кандидаты же доктору даражасына ээ болгон клиницист-врачтардын арасынан дайындалат.

КРСУнун МБнын түзүмү жана штаттары Борбордун башчысы тарабынан жекече иштелип чыгат жана ректор тарабынан университеттин Уставына ылайык тарифтик-квалификациялык талаптардын жана РФнын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин бирдиктүү тарифтик сеткасынын негизинде бекитилет.

Медициналык борбордун медициналык жана жардамчы персоналы өз ишин борбордун директору бекиткен кызматтык нускамага ылайык жүргүзүшөт.

 

Дарылоо жана диагностикалык иш

Бейтаптарды диагноздоо жана дарылоо курамында күндүзгү стационары бар консультативдик бейтапканада жүргүзүлөт.

Консультативдик бейтапкана

Бейтапкана медициналык борбордун түзүмдүк бөлүгү болуп саналат. Бейтапкананы медициналык борбордун директоруна түз баш ийген жетекчи башкарат.

Бейтапкана:

  • бейтаптарды кабыл алат, амбулатордук негизде диагноздоону жана дарылоону жүргүзөт;
  • КРСУнун студенттерин жыл сайын профилактикалык текшерүүдөн өткөрүп турат;
  • студенттерди сабактан бошотуу жана ден-соолугуна байланыштуу академиялык өргүү берүү менен байланышкан бардык маселелерди чечет;
  • зарыл болсо, бейтаптарды консультацияга жана дарыланууга адистештирилген медициналык мекемелерге жөнөтөт.

Бейтапканага караштуу врачтык-консультациялык комиссия (ВКК) түзүлөт, аны ВККнын төрагасы/төрайымы – медициналык борбордун жетекчиси жетектейт. Врачтык-консультациялык комиссия (ВКК) бейтапты өзү карап чыгып, медициналык текшерүү маалыматтарын изилдеп чыккандан кийин гана клиникалык-эксперттик маселелерди чечет.

Врачтык-консультациялык комиссия аныкталган тартипте төмөнкүлөрдү берет:

  • КРСУнун студенттерине ооруга байланыштуу академиялык өргүү берүү жөнүндө корутунду. Корутунду медициналык борбордун жетекчиси менен макулдашылгандан кийин гана берилет;
  • студенттерди дарылоочу дене тарбия топторуна которуу боюнча маалымкаттар (бейтапкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • КРСУнун студенттерин дене тарбиядан толук бошотуу жөнүндө маалымкаттар. Маалымкат медициналык борбордун жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлөт;
  • КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгиленген тартипте университеттин кызматкерлери жана башка бейтаптар үчүн бейтап баракчалары.

 

Бейтаптарды текшерүүнүн маалыматтары жана врачтык-консультациялык комиссиянын чечимдери белгиленген формадагы баштапкы медициналык документтерге, ошондой эле ВККнын корутундуларын эсепке алуу китебине (тиешелүү каттоо формасында) жазылат жана аларга ВККнын төрагасынын/төрайымынын жана дарылоочу врачтын колу коюлат. Бейтапканада КРСУнун студенттерин кабыл алуу жана текшерүү акысыз аткарылат. КРСУнун кызматкерлери чыгымдалуучу материалдардын (рентген пленкаларын, реактивдерди ж.б.) чыгымдарын, ал эми калктын арасынан келген бейтаптар- бардык чыгымдарды ректор тарабынан бекитилген жана Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы мамлекеттик комиссия менен макулдашылган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты боюнча төлөшөт.

Амбулаториялык дарылоо үчүн бардык бейтаптар прейскурант боюнча төлөшөт, ал эми студенттер бир гана дары-дармектердин, шприцтердин ж.б. акысын төлөшөт.

Окутуучулук жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк

Медициналык борбор бирдиктүү окуу, илимий жана медициналык комплекс катары иштейт жана аны төмөнкүлөр камсыз кылат:

  • медицина факультетинин студенттери үчүн окуу процессин жана КРСУнун башка факультеттеринин студенттери үчүн медициналык билимдин негиздери боюнча сабактарды уюштуруу;
  • студенттерди жана клиникалык ординаторлорду окутууга медициналык борбордун адистеринин катышуусу;
  • медициналык борбордун материалдык-техникалык базасын медициналык кадрларды ЖОЖдо жана ЖОЖдон кийинки даярдоодо практика катары пайдалануу;
  • медициналык борбордун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
  • студенттерди жана клиникалык ординаторлорду илимий изилдөөлөргө тартуу менен медициналык борбордун катышуусу;
  • бейтаптарды консультативдик кабыл алуу, амбулатордук жана стационардык дарылоону ишке ашыруу;
  • алынган гранттарга же башка каржылоо булактарына ылайык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү.