mytopf.com

Кыргыз-Россия Славян университети 1993-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук келишиминин, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимине (Москва ш., 10.06.92-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына (Бишкек ш., 28.08.92-ж.) жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы (Бишкек ш., 09.09.1993-ж.) Кыргыз-Россия Славян университетин түзүү жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө макулдашуусуна Россия Федерациясынын токтомуна (Москва ш.,№149 23.02.1994-ж.), Россия Федерациясынын жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы менен Билим берүү жана илим министрлигинин (1994-жылдын 14- февралындагы №326-128/1) буйругунун негизинде ачылган. 

2004-жылы Университетке Кыргыз-Россия Славян университетин түзүүгө  кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн өзгөчө ыраазычылыктын жана урматтоонун белгиси катары Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Борис Николаевич Ельциндин ысымы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы негизинде ыйгарылган. Б.Н. Ельцин атындагы фонду жыл сайын Университетке каржылык колдоо көргөзүү менен гана чектелбестен окуунун эӊ алдынкы 50 студенттине стипендия жана Универститетти заманбап техникалар менен камсыздайт.  Фонддун колдоосу менен Орус тили боюнча студенттик жана мектептик олимпиадалар, эл аралык илимий-практикалык конференциялар, КМШ өлкөлөрүнүн бирдиктүү билим берүү мейкиндиктерин сактоо менен өткөрүлүп турат. Университет Б.Н. Ельцин фондунун колдоосу менен жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган.

        2008-жылдын сентябрь айында, Кыргыз-Россия Славян университетинин 15 жылдыгын карата  башкы имараттын фойесинде Россия Федерациясынын биринчи Президенти Борис Николоевич Ельциндин колодон жасалган бюсту орнотулуп салтанаттуу   ачылган.