Долбоорлор жана келишимдер бөлүмү

Бөлүм башчысы
Сулейманова Сабина Маратовна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киевская, 44, 206-бөлмө
(996-312) 66-29-60
(996-312) 68-12-53
(996-312) 66-29-60
(996-312) 68-12-53

Бөлүм чет өлкөлүк билим берүү, илим, маданият уюмдары, эл аралык фонддор менен келишимдик байланыштарды түзүү жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иш алып барат.

Негизги функциялары:

  • Долбоорлорду жана келишимдерди даярдоодо жана жүзөгө ашырууда университеттин кафедраларына жана окутуучулар курамына консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү.
  • Чет элдик уюмдар - донорлор, ошондой эле окуу жайлар, илимий-изилдөөчүлүк уюмдар, фонддор менен кызматташуу боюнча сунуштар жөнүндө маалыматтарды издөө жана жайылтуу.
  • КРСУнун Эл аралык байланыштар башкармалыгынын жана университеттин башка бөлүмдөрүнүн долбоорлорду жана келишимдерди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды жыйноо, классификациялоо, талдоо жана топтоо.
  • КРСУнун келишимдеринин, долбоорлорунун жана башка эл аралык иш-аракеттеринин мониторинги жана аларды баалоо.
  • Университеттин, биргелешкен долбоорлорду жана келишимдерди ишке ашырууга катышкан өнөктөш уюмдардын долбоордук жана келишимдик иш-аракеттери жөнүндө маалымат базасын түзүү.
  • Долбоорлорду жана келишимдерди башкаруу менен алектенген университеттин бөлүм жетекчилери, алдыңкы кызматкерлери менен чет элдик делегациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушууларын жана сүйлөшүүлөрүн уюштуруу.
  • КРСУнун профессордук-окутуучулук курамынын эл аралык иш-чараларга катышуусун кеңейтүүгө, илимий-педагогикалык кызматкерлеринин, илимий кадрларынын жана студенттеринин алмашуусун уюштурууга көмөктөшүү.
  • КРСУ менен кызматташууну каалаган чет өлкөлүк университеттерге жана башка уюмдарга маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтүү.
  • Бөлүм кызматкерлери, окутуучулар жана студенттер үчүн долбоорлорду жазуу жана келишимдерди түзүү технологиялары боюнча консультацияларды, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду даярдоо.
  • Университет берген дипломдордун эл аралык деңгээлде таанылышына көмөктөшүү.