Илимий-инновациялык ишмердүүлүк

Илимий иштер боюнча проректор, физика-математика илимдеринин доктору, профессор
Глазунов Дмитрий Владимирович
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 44
(996 312) 43-11-85
(996 312) 43-11-85

Кыргыз-Россия Славян университети Кыргыз Республикасындагы илимий, билим берүүчү жана маданият борбору болуп саналат.  

Билим берүүдө жана илимде инновацияларды башкаруу

Башкаруу университеттин илимий-инновациялык ишмердүүлүгүнүн (ИИИ) Стратегиялык өнүктүрүү саясатын ишке ашырат.
Ишмердүүлүк билим берүү, илим жана өндүрүштү төмөндөгү жолдор менен интеграциялоо үчүн университеттин натыйжалуу илимий-инновациялык тутумун түзүүгө багытталган:

  • илимий багыттарды жана илимий мектептерди өнүктүрүү;
  • инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;
  • инновацияларды стимулдаштырган институционалдык чөйрөнү калыптандыруу;
  • профессордук-окутуучулук курамдын, жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана колдоо;
  • илимий-изилдөө иштерине профессордук-окутуучулук курамдын, жаш окумуштуулардын жана студенттердин катышуусуна көмөктөшүү;
  • илимпоздордун жана жаш изилдөөчүлөрдүн чыгармачыл, инновациялык жана изилдөө иш-аракеттеринин натыйжаларын коммерциялаштыруу;
  • инновация жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
  • изилдөөчүлөрдүн, студенттердин жана жаш илимпоздордун арасында илим ченин жана илим таанууну өнүктүрүү; аларды илимдин санариптик трансформациясына адаптациялоо;
  • ЖОЖдун жетишкендиктерин жарнамалоо жана жайылтуу.