Билим берүү тармагын маалыматташтыруу жана санариптештирүү бөлүмү

Башкармалыктын начальниги
Керимбаева Динара Шаймерденовна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киевская, 44
(996-312) 43-11-71

Маалыматтык - эсептөө борборунун негизги милдети болуп университеттин маалыматташтырылышы эсептелет, ал анын ишмердүүлүгүнүн ар кандай багыттарында маалыматтык компьютердик тутумдарды жана технологияларды түзүү жана пайдалануу, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлеринин жана студенттеринин кесиптик ишмердүүлүгү жөнүндө билимди жана билдирүүлөрдү көрсөтүү катары каралган, маалымат менен иштөөнү уюштуруу процесси катары түшүнүлөт. Мындай багыттар болуп билим берүү, илимий-изилдөө жана уюштуруу-башкаруу иш-аракеттери саналат.

Билим берүү кызматтарынын тутумун маалыматташтыруу билим берүү жаатын заманбап жана үзгүлтүксүз жаӊыланып туруучу маалыматтык жана коммуникайиялык технологиялардын билим берүү процессинде жана билим берүүнү башкаруу тутумдарында  иштеп чыгуу жана натыйжалуу колдонуу методологиясы, технологиясы жана практикасы менен камсыздоого багытталган өзгөрүүлөрдүн узак максатка багытталган жана уюштурулган процесси катары түшүнүлөт.

Жогорку билим берүү үчүн федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарын (ЖББ ФМББС) киргизүү билим берүү процессин маалыматташтыруу жаатында жаңы көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылды:

  • билим берүү программаларын жыл сайын жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
  • бакалаврларды жана магистрлерди даярдоонун бардык багыттары боюнча маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу;
  • электрондук билим берүү ресурстарына жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
  • студенттердин өз алдынча иштөөсүн камсыз кылуу үчүн электрондук билим берүү чөйрөсүн түзүү.

 

МЭБдин үзгүлтүксүз регламенттик иштери

  • Сервердин инфраструктурасын уюштуруу жана колдоо.
  • Компьютердик тармактарды жайылтуу жана техникалык колдоо.
  • Университетти Интернет менен камсыз кылуу.
  • Университеттин компьютерлерин программалык камсыздоо.
  • Университеттин веб-сайттарын колдоо.
  • Программалык модулдарды жана маалыматтык тутумдарды өркүндөтүү.
  • Кабыл алуу кампаниясын техникалык жактан камсыз кылуу.

 

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары

Телекоммуникациялык борбор

КРСУнун телекоммуникация борборунун өзөгү болуп, бүгүнкү күндө эң алдыңкы технологияларга негизделген сервердик инфраструктураны виртуалдаштыруунун комплекстүү тутуму эсептелет, бул маалымат борборлорун куруунун «булут» моделин киргизүү аркылуу серверди уюштурууда заманбап ыкманы колдонууга, көрсөтүлгөн кызматтардын өндүрүмдүүлүгүн, баш тартууларга туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

 

 

Компьютердик тармак

КРСУнун компьютердик тармагы Бишкек шаарынын ар кайсы жерлеринде жайгашкан университеттин факультеттери менен кафедраларын жогорку ылдамдыктагы оптобулалуу линиялар аркылуу байланыштырып турат. Борбордук түйүн КРСУнун башкы имаратында жайгашкан жана колдонуучулардын арасында интернет ресурстун бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыз кылат, компьютердик тармакты борборлоштуруп башкарууга мүмкүндүк берет. Имараттын типтүү локалдык тармагы «жылдыз» топологиясына ылайык курулган жана өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 Mbit/s’дан 1 Gbit/s’га чейин болот. КРСУнун имараттарында локалдык-эсептөө тармактарын (ЛЭТ) модернизациялоо жигердүү жүргүзүлүп жатат. 2015-жылдан 2018-жылга чейин «Славян ЖОЖдорунун өнүгүү программасын» ишке ашыруу процессинде Экономикалык, Табигый-Техникалык факультеттеринде, ошондой эле Эл аралык мамилелер факультетинде ЛЭТ реконструкцияланган. Wi-Fi радио тармагы аркылуу маалыматтарды берүү технологиялары киргизилүүдө.

Интернетке жеткилик

Учурда КРСУнун интернет каналынын жалпы кеӊдиги «тышкы зонада» 300 Mbit/sec, ал эми "KG зонасында" 1 Gbit/sec түзөт. 200 mbit/sec «Акнет» , ал эми 100 mbit/sec «Элкат» интернет провайдери тарабынан тарабынан камсыздалган. Интернет каналдарын кайталоо КРСУнун студенттерин жана кызматкерлерин үзгүлтүксүз Интернет тармагы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет, ал эми «кенен» өткөрүү жөндөмү - ыңгайлуу иштин ачкычы болуп саналат.

Антивирустук коргоо

Университетти зыяндуу программалык камсыздоолордон ар тараптуу коргоону камсыз кылуу максатында, 3 жылдык мөөнөткө 700 «Касперский Антивирусу» лицензиясынан турган программалык топтом сатылып алынып, борборлоштурулган башкаруу консолу жайылтылган. Колдонуучулардын компьютерлери «Касперский Антивирусунун» жаңыртылган версиясы менен жабдылган.

 

КРСУнун веб-сайты

КРСУнун веб-сайты Университеттин глобалдык Интернет тармагындагы өкүлчүлүгүнө арналган. МЭБ КРСУнун негизги сайтына, ошондой эле кафедра сайттарына техникалык колдоо көрсөтөт. Вебсайтта берилген маалыматтар актуалдуу жана дайыма жаңыланып турат. Университеттин ар бир бөлүмүндө маалыматты жаңыртууга түздөн-түз мүмкүнчүлүк бар. Университеттин кафедраларынын веб-сайттары РФнын жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына жооп берет. Ар бир кафедранын өзүнүн домендик аталышы жана өзүнүн сайтына кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Сайттар негизинен бирдиктүү шаблон боюнча жасалат.

ИАМТ - Интеграцияланган Автоматташтырылган Маалыматтык Тутум

ИАМТ – бул университеттин жалпы маалыматтык-аналитикалык чөйрөсү, бул маалыматтык камсыздоону, университеттин негизги иш-аракеттерин уюштуруу жана көзөмөлдөө маселелерин автоматташтырууну камсыз кылган кичи тутумдардын комплекси. ИАМТ 2008-жылдан бери иштелип жатат. Бүгүнкү күндө ИАМТны университеттин окуу процессинде толук киргизүү ишке ашырылды. Ар бир окутуучу академиялык топтор жана айрым студенттер жөнүндө маалыматка ээ. Декандар жана кафедра башчылары академиялык карыздар жана контракттык төлөмдөр, студенттердин контингенти, бош бюджеттик орундар жана башкалар жөнүндө ыкчам маалымат алышат. ИАМТ КРнын жана РФнын Билим берүү министрликтерине отчет берүү үчүн бардык керектүү маалыматтарды берет. Тутум колдонуучулардын жаңы талаптарына жана каалоолоруна ылайык дайыма өркүндөтүлүп жана жаңыланып турат.

ИАМТнын негизги функциялары:

  • кызматтардын жана бөлүмдөрдүн ишин маалыматтык камсыздоо, баштапкы маалыматтардын ишенимдүүлүгүн кошумча көзөмөлдөө;
  • бардык кызыкдар болгон кызматтардын суроо-талабы боюнча зарыл болгон ыкчам маалыматты берүү;
  • башкаруу аппаратын (ректоратты, деканаттарды, окуу бөлүмүн ж.б.) аналитикалык жана көзөмөлдүк маалыматтар менен камсыздоо;
  • колдонуучулардын бардык кызыкдар категорияларынын суроо-талабы боюнча билим берүү процессинин жүрүшү жөнүндө керектүү оперативдүү жана аналитикалык маалыматтарды берүү.

Кызматкерлер үчүн IAIS авторизация барагы: iais.krsu.edu.kg

 

ИАМТ өзүнө төмөнкү ички тутумдарды камтыйт:

  • «Электрондук ведомосттор» модулу «Пландар» тутумунан маалыматтарды импорттоо жолу менен алынган маалыматтын негизинде автоматтык түрдө курулган технологиялык карта. Иш-чаралардын аталышы, аларды өткөрүү убактысы жана баллдары, ошондой эле студенттерге өткөрүлүп жаткан иш-чаралар боюнча коюлган баллдар сыяктуу кошумча талааларды окутуучу өзү толтурат. Ошондой эле, модуль отчетторду көрүү, жыйынтыктоочу ведомостторду түзүү, көзөмөлдөө иш-чараларынын ведомостторун жүргүзүү боюнча статистиканы көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
  • «Студенттер» модулу топтун студенттик жамааты жөнүндө, студенттердин толук анкетасы, анын ичинде төлөм карыздары, баалары, студенттин статусу, тобу, окуу формасы жөнүндө, студенттердин буйруктары жана башка маалыматтарды камтыйт.
  • «Студенттик буйруктар» модулу Тутум студенттердин буйруктарын түзүүнү жөнөкөйлөтүүгө, буйруктардын аткарылышын жана бөлүштүрүлүшүн автоматташтырууга, ката кетирүү мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарууга жана буйруктарды чыгаруу процессин тездетүүгө багытталган.
  • «Дипломдор» модулу Модуль студенттердин учурдагы баалары менен ИАМТ маалымат базасынан Россия үлгүсүндөгү бланктарга дипломдорду басып чыгаруу үчүн колдонулат.
  • «Документ жүгүртүү» модулу электрондук документ жүгүртүүнү, КРСУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнө буйруктарды, тескемелерди жайылтып жөнөтүүнү ийгиликтүү камсыз кылат. КРСУнун бардык деканаттарына, кафедраларына жана башка бөлүмдөрүнө киргизилген.
  • «Пландар» модулу «Пландар» тутумундагы маалыматтарды ИАМТ тутумуна импорттоо үчүн колдонулат. Ошондой эле, инструмент туура эмес дисциплиналардын, топтордун аталыштарын, мугалимдердин табелдик номерлерин түзөтүүгө мүмкүндүк берет.
  • «Китепкана» модулу Бул модуль университеттин бардык кызматкерлерине, китептердин жеткиликтүүлүгү же китеп формулярынын маалыматтары боюнча издөө үчүн, китепкананын жаӊыланган каталогуна электрондук жеткиликти камсыздайт.
  • «Билдирүүлөр» модулу КРСУнун кызматкерлерине ыкчам кабарлоо, билдирүү жөнөтүү, КРСУнун техникалык колдоосу менен кер байланыш үчүн иштелип чыккан.
  • «Кызматкерлердин» Маалымат Базасы Тутумуниверситеттин кызматкерлеринин эсебин жүргүзөт, ушул тутумдун маалыматтары башка ИАМТ модулдарынын иштешин камсыз кылат, ошондой эле КРСУнун түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн отчетторду даярдоону жеңилдетет.
  • Почта Корпоративдик почта электрондук почта менен иштөөнү бир кыйла жеңилдетет, университеттин маалымат агымдарын башкарууга мүмкүндүк берет. Почта ящиктерин КРСУнун доменинде каттоо ИАМТ аркылуу жүргүзүлөт.
  • Жеке кабинет - бул колдонуучу үчүн жеткиликтүү жана керектүү функцияларды чагылдырган, категориялар боюнча топтолгон колдонуучу интерфейси. Тутум колдонуучуга иштин түрүнө жараша иштөө үчүн керектүү шаймандарды сунуштайт, колдонулбаган функцияларды жашырат, ошондой эле колдонуучуга ыңгайлуу интерфейсти ырастоого мүмкүнчүлүк берет.
  • КРСУнун Студенттик порталы Университеттин Окумуштуулар Кеңешинин 2017-жылдын 28-майындагы Чечимин аткаруу максатында, «КРСУнун Студенттик порталы» тутуму иштелип чыгып, колдонууга берилген. Азыркы учурда, бул тутум студенттердин өз тармагынын же адистигинин окуу программаларын көрүү, жетишкендиктерин көзөмөлдөө, ошондой эле өзүнүн жеке маалыматтарын көрүү мүмкүнчүлүгүн берүүчү портал болуп саналат.

 

КРСУнун бардык студенттери тутумга кире алышат. МЭБ студенттердин өздүк жетишкендиктери жөнүндө маалыматты өз алдынча киргизүүгө, анын ичинде документтердин көчүрмөсүн жүктөөгө мүмкүндүк берүүчү Студенттик Портфолио тутумун иштеп чыгууда, бул студенттерди, анын ичинде жеке стипендия жана бюджеттик негизде билим берүүгө которууда ажырымдоону жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Студенттер үчүн IAIS авторизация барагы:  student.krsu.edu.kg