Адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасы

Кафедра башчысы, филология илимдеринин доктору, доцент
Койчуев Бахтияр Турарович
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй пр., 44, 212-бөлмө
(996 312) 68-01-81

Кафедранын кыскача тарыхы

КРСУнун адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасы 1998-жылы түзүлгөн жана адистерди даярдап чыгаруучу кафедра болуп эсептелет. Кафедранын негизги милдети - филологдорду, орус тили жана адабияты окутуучуларын даярдап чыгуу.

 

Адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасында орус адабиятын, анын ичинде Кыргызстандын орус жана орус тилдүү адабиятын (проф. М.А.Рудов, проф. Г.Н.Хлыпенко, доц. Л.В.Иванова, проф. Б.Т.Койчуев, доц. М.С.Савина, доц.Н.А.Баудинова), Борбордук Азия регионунун адабиятын (проф. Б.Т.Койчуев, доц. А.Р.Галимова, доц. Н.А.Баудинова), кыргыз адабиятынын тарыхын жана көркөм котормонун көйгөйлөрүн (проф. О.И.Ибраимов, доц. А.А.Бакиров, ага окутуучу А.К.Мусаева), Кыргызстандын мектептеринде адабияттын методикасын окутууну (доц. Л.Ф.Илеева, доц. Н.А.Баудинова) изилдөөчү илимий багыттар түзүлдү.

 

Адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасы кыргыз, орус жана дүйнөлүк адабияттардын иштешинин (аракеттенүүсүнүн) көйгөйлөрүн изилдөө менен алектенет. Кафедранын ишмердүүлүгүнүн өзгөчө ордун Кыргызстандын орус адабиятын изилдөө ээлейт. Бүгүнкү күндө КРСУ автордук программа иштелип чыккан жалгыз ЖОЖ (проф. Г.Н.Хлыпенко) жана «Кыргызстандын орус адабияты» аттуу курсу өтүлүп жатат.

 

2012-жылдан тартып кафедрага Кыргызстан-Россия Славян университетинин бардык факультеттеринде окулуп жаткан «Манас таануу» курсу бекитилген.

Кафедра көп улуттуу аудиториясы бар республиканын мектептеринде орус тилин жана адабиятын окутуу үчүн педагогикалык кадрларды даярдоого катышат. Кафедра Кыргыз Республикасында орус маданиятын жана орус адабиятын сактоодо жана жайылтууда маанилүү ролду ойнойт.