Билим берүү, илим жана маданият борбору

Борбордун директору
Чымырбаев Маратбек Асанкулович
724330, Кыргыз Республикасы, стр. Беш-Күнгөй Бишкек шаарынын борборунан 19 км
(996-312) 93-71-96
(996-312) 93-71-96

Борбор Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан жети чакырым алыстыкта, Кыргыз Ала - Тоо кырка тоосунун этектеринде, деңиз деңгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан.

Борбор жайлуу турак корпустар жана кенен класстар менен жабдылган. Билим берүү, илимий жана маданий - тарбия берүү иш-чараларын өткөрүү үчүн зал бар. Борбордо университеттин профессордук-окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле ал жер эс алуучу жай болуп саналат.

2002-жылдан бери университетте Борбордун базасында өткөрүлүүчү, Кыргыз Республикасынын мектептеринде окутууну орус тилинде жүргүзүп жаткан мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Курстун программаларында «КМШ өлкөлөрүндө билим берүүдөгү интеграциялык процесстерди колдоо» федералдык программасынын алкагында республиканын мектептери үчүн КРСУга келип түшкөн жаңы орусча окуу китептерин колдонуу боюнча методикалык сунуштар камтылган.

2009-жылдан бери Борбордун базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.09.2006-жылдагы № 650 «Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму» Максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын айыл округдарынын башчылары үчүн окуу курстары ачылган.

 

  

 

Борбордун ишинин артыкчылыктуу багыттары (же негизги функциялары)

  • Борбор Университеттеги окуу процесстерине аудиторияларды түзүү жана аларды иштетүү, теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн шарттарды түзүү, студенттер үчүн жатаканаларды жана алардын тамактануусун уюштуру аркылуу чарбалык колдоо көрсөтөт;
  • Борбордун базасы Борбор Азия аймагындагы орус тилдүү мектептердин мугалимдерин кайра даярдоодо жана Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын башчылары үчүн окуу курстарында колдонулат;
  • Борбор материалдык-техникалык базаны жакшыртуу кызыкчылыгы үчүн жайгаштыруу, сабак өткөрүү, эс алуу, тамактануу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонот;
  • Борбордун базасында иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын уюмдары менен кызматташуу.