mytopf.com

Билим берүү программаларын башкаруу бөлүмү

Билим берүү программаларын башкаруу бөлүмү КРСУнун орто мектебинин, КРСУнун колледжинин, университеттин окуу процессин уюштуруу жана аларды өркүндөтүү максатында түзүлгөн.Башкаруунун негизги функцияларына билим берүү программаларын иштеп чыгуу, пландаштыруу, мониторинг  жана билим берүү программаларын жүргүзүү, ошондой эле жогорку сапаттагы окуу процессинин камсыздоо кирет. Билим берүү программаларын башкаруу бөлүмү окуу пландарын жана окуу процессинин графигин  иштеп чыгууга, даярдоого жана бекитүүгө байланышкан бардык маселелерди чечүү жана координациялоо боюнча иш алып барат. Лицензиялоого жана универститетти аккредитациялоого байланышкан баардык документтерди дарядоого бөлүм түздөн-түз катышат. Мындан тышкары, университеттин жана андагы адистиктерди рейтингдик балоо үчүн материалдарды даяроого катышат, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмүнүн пландаштырылышын жана аткарылышын көзөмөлдөйт.

Бөлүмдүн курамына төмөнкү бөлүмдөр кирет, алардын ар бири өзүнө тиешелүү функцияларды аткарат:

1.     Жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн программаларын пландаштыруу жана камсыздоо бөлүмү.

  •       Аспиранттаржана доктаранттар үчүн окуу  процессин уюштуруу.
  •       Диссертациялык ишти жана илимий-изилдөөнү  координациялоо.
  •       Окумуштуулук наамды алууда жана диссертацияны коргоо процессинде колдоо.

2.     Практика жана стажировка бөлүмү

  •       Студенттер үчүн практиканы жана стажировканы уюштуруу жана координациялоо.
  •       Практикадан өтүүдө орундарды камсыз кылуу үчүн тышкы уюмдар жана ишканалар менен өз ара аракеттенүү.
  •       Практика жана стажировка өтүү сапаттын баалоо жана көзөмөлдөө.

3. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу жана адистерди бүтүрүү бөлүмү.

  •      Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу.
  •       Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүүнү пландаштыруу жана даярдоо.
  •       Адистерди бүтүрүү  жана дипломдорду даярдоо процессин  координациялоо.

Бул бөлүмдөр билим берүү программаларын башкарууга комплекстүү мамилени камсыздайт, бардык деңгээлдеги студенттер үчүн жогорку сапаттагы билим берүүгө жана кесиптик даярдыкка көмөктөшөт.

Билим берүү программаларын уюштуруу боюнча башчынын орун басары –Токтогонова Гулай Кожогуловна

Байланыш телефону 0312 66 49 74