Колледж

Колледждин директору, Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги
Коновалова Инна Алексеевна
720048, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Көч. Анкара (Горький), 2а
(996 312)44-95-54
(996-312) 44-95-54

Колледж 1954-жылдын 15-мартында, Кыргыз ССCР Министрлер Советинин 15.03.1954-ж. № 437-чечими менен негизделген, Фрунзедеги жеңил өнөр жай кечки техникумунун (ФЖӨКТ) улантуучусу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-майындагы № 346-токтому менен колледж Кыргыз-Россия Славян университетинин курамына кирген. Университеттин түзүмдүк бөлүмү катары Колледж орто кесиптик билим берүүнүн негизги программаларын ишке ашырат жана контракттык окутуу каражаттарынын эсебинен бюджеттен тышкаркы каржылоодо турат. Колледждеги билим берүү иштери Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы лицензияларына ылайык жүргүзүлөт.

выаыаыва

КРСУ Колледжи түзүмдүк бөлүм катары 2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин курамына кирген жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат. Колледждеги окутуу жаштардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, чыгармачыл демилгени, ишкердик духту жана корпоративдик атмосфераны өнүктүрүүгө багытталган. Билим берүү ишмердүүлүгү Колледждин окутуучулары тарабынан гана эмес, университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан да жүргүзүлөт, бул окуу процессин жол улоочулук принцибине ылайык уюштурууга мүмкүндүк берет. Студенттердин теориялык билимдери практика жүзүндө лабораторияларда жана окуу семинарларында бекемделет.

 

Колледждин билим берүүдөгү жана түзүмүндөгү реформаларга байланыштуу Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандарттарына жооп берген бардык адистиктер боюнча жаңы окуу пландары киргизилген. Окуу пландары окутуунун түпкү максаттарына багытталган: аларда дисциплиналарды андан ары өздөштүрүүдө, өз алдынча практикалык иштөөдө жардам берген жана ошондой эле, заманбап жашоонун муктаждыктарына оӊой ылайыкташа алган, өнүккөн билим алуу жөндөмү бар инсанды тарбиялоодо зарыл болгон бардык теориялык билимдер жана практикалык көндүмдөр чагылдырылат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү окуусун аяктагандан кийин орто кесиптик билим жөнүндө диплом алышат.

 

Студенттик жашоо лекциялардан жана семинарлардан, китепканадагы сабактардан гана эмес, ошондой эле Колледждин жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышуудан турат. Биздин студенттер жыл сайын семинарларга, конкурстарга, тегерек столдорго ж.б. катышып турушат.

 

Колледждеги окуу-тарбия ишинин максаты - студенттин гармониялуу өнүккөн инсандыгын калыптандыруу, анын руханий, физикалык, кесиптик жактан өзүн-өзү өркүндөтүүгө жана өзүн-өзү ишке ашырууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу. Колледждин окутуучулар жамааты өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн негизине баарлашуунун эстетикалык маданиятын тарбиялоону, мекенчилдикке багытталган инсанды тарбиялоону, студенттердин чыгармачыл активдүүлүгүн өркүндөтүүнү, студенттер менен окутуучулардын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүнү, эс алуу иш-аракеттерин өнүктүрүүнү студенттердин жашоо аракетинин өзгөчө чөйрөсү жана дени сак жашоо образын калыптоо катары коет.