Маалымат жана медиакоммуникациялар бөлүмү

Бөлүм башчы
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киевская, 44 кеңсе 312
+996 (312) 88-75-11
 
Бөлүм университеттин телестудиясын жана «Студенческое обозрение» гезитинин редакциясын жалпы башкарууну дагы жүзөгө ашырат. Бөлүм өз ишинде студенттерден, аспиранттардан жана окутуучулардан турган штаттан тышкаркы кызматкерлерге таянат.
 
Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
  • Университеттин маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу.
  • Университеттин ички жана тышкы чөйрөсүн түзгөн максаттуу аудитория менен туруктуу өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
  • Университетке карата позитивдүү коомдук пикирди калыптандыруу.
  • Университетке карата коомдук пикирдин калыптанышына таасир этүүчү ички жана тышкы маалымат агымдарын башкаруу.
  • Университетке карата болгон коомдук пикирди талдоо жана анын өзгөрүшүн болжолдоо.
 
Бөлүмдүн ишинин негизги багыттары:
  • Коомчулук менен байланыш жаатында университеттин тышкы жана ички саясатынын концепциясын иштеп чыгууну уюштуруу.
  • Университеттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн пресс-конференцияларды, пресс-турларды, жетекчиликтин брифингдерин уюштуруу жана өткөрүү.
  • Маалыматты даярдоо жана ММКга жайгаштыруу.
  • ММКнын суроо-талабы боюнча Университеттин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты өз убагында берүү.
  • Университеттин жетекчилиги менен ММК өкүлдөрүнүн иш жолугушууларын уюштуруу жана өткөрүү.
  • Республикада Университеттин кабылдоосун талдоо жана тобокелдиктерди божомолдоо.
  • Университеттин коомдук маанидеги иш-чараларын маалыматтык коштоо.
  • Университеттин «Студенческое обозрение» гезитин даярдоо жана чыгаруу.
  • Студенттердин арасынан алынган штаттан тышкаркы кызматкерлердин иш-аракеттерин координациялоо.
  • Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коомчулук менен байланыш маселелерин жалпы координациялоо.