Аспирантура жана докторантура

Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты
Абдиева Светлана Викторовна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киевская 44, бөлмө 115
(996-312) 43-11-81

Докторантура, аспирантура жана изденүү - тиешелүү илимий багыттар жана адистиктер боюнча ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү тутумунда кадрларды даярдоонун негизги формалары. Докторантурага жана аспирантурага кабыл алуу ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү тутумунда илимий, педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө Жобонун негизинде жүзөгө ашырылат. Изденүүчүлөр кафедралардын жана ИИИлердин илимий мектептерине бекитилет.

 

Бөлүм аспирантура жана докторантура түрүндө жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо процессин уюштуруучулук жактан колдоо көрөтүүнү камсыз кылат.

 

Жыл сайын аспиранттар, ординаторлор, магистранттар жана изденүүчүлөр үчүн илимдин тарыхы жана философиясы, чет тили жана информатика боюнча кандидаттык экзамендерди тапшырууга даярдануу үчүн курстар уюштурулат. Изилдөөнүн жыйынтыгын конференцияларда, семинарларда, тегерек столдордо ж.б. апробациялоого кеңири мүмкүнчүлүк берилет. Изилдөөнүн натыйжалары ошондой эле университеттин илимий конференцияларында, семинарларында, факультеттердин Окумуштуулар кеңешинин жана Илимий-техникалык кеңешинин жыйналыштарында жарыяланып, талкууланат.

 

Бөлүмдүн кызматкерлери аспирантурага кабыл алуу процедуралары, контракттык окутуу келишимдеринин аткарылышы, кирүү жана кандидаттык экзамендерди тапшыруу боюнча бардык маселелер боюнча кеңеш берет.