Адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ИМБ

Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча илимий-методикалык борбордун директору, техникалык илимдердин кандидаты
Пак Светлана Николаевна
720065, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй пр., 42, 106-бөлмө
(996-312) 68-01-69
(996-312) 68-01-69
Кайра даярдоо борборунун миссиясы - туруктуу өзгөрүлүп жаткан дүйнөдөгү заманбап маселелерди чечүү үчүн, ишкердик жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана теориялык билимин жаңыртуу аркылуу кошумча билим, билгичтик жана көндүмдөрдү алуу, жаңы кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.
 
Кайра даярдоо борборунун милдети - эл аралык эмгек рынокторундагы адистердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын кесипкөй элитасын даярдоо.
Кошумча кесиптик билим берүү адамдын интеллектуалдык, руханий, адеп-ахлактык, физикалык жана кесиптик өркүндөтүү боюнча билим берүү муктаждыктарын ар тараптуу канааттандырууга багытталган.
 
Кесиптик кадрларды кайра даярдоо программасынын максаты - бизнести өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жөндөмдүү, кесипкөйлөрдүн командасын түзө алган жана бизнестин акыркы технологияларын натыйжалуу колдонгон жаңы муундагы лидерлерди даярдоо.
 

Окутуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:

  • Билим берүүнүн акыркы технологияларын: кросс-функционалдык интеграцияланган окуу тапшырмаларын (финансы + менеджмент), (персоналды башкаруу + психология + эмгек укугу), Интернет булактарын (дистанттык билим берүү) колдонуу;
  • «Тегерек столдорду», финансылык менеджмент, стратегиялык менеджмент, практикалык психология жаатындагы алдыңкы эксперттердин мастер-класстарын өткөрүү.
  • Көзкарандысыз илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн практикалык лабораториялардын тутумун түзүү;
  • Борбордун ишмердүүлүгүнүн багыттары:
  • окутуунун жаңы технологияларын, окутуу методикаларын изилдөө жана иштеп чыгуу, аларды жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү жана кесиптик кайра даярдоо процессине киргизүү;
  • жаңы кесиптик ишмердүүлүктү алуу максатында (500 сааттан ашык) кесиптик кайра даярдоо;
  • MBA магистрдик программалары – «Master of BusinessAdministration» (1000 сааттан ашык);
  • адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу - тренингдер, семинарлар;
  • илимий жана кесиптик стажировкалар.
  • Борбордун илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары
  • Кошумча кесиптик билим берүүнүн тиешелүү программаларын түзүү жаатында изилдөө;
  • Орто кесиптик жумушка орношуунун социалдык-психологиялык адаптация процесстерин изилдөө;
  • Экономикалык жана социалдык психология жаатындагы изилдөөлөр;
  • Билим берүү маркетинги жаатындагы изилдөөлөр.