Жалпы маалымат

Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети

 
Кыргыз-Россия Славян университети 1993-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимине (Москва ш., 10.06.92-ж.), Кыргыз Республикасынын Жарлыгына (Бишкек ш., 28.08.92-ж.) жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Славян университетин түзүү жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө макулдашуусуна (Бишкек ш., 09.09.1993-ж.) ылайык ачылган. 
 

 

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Университетке Кыргыз-Россия Славян университетин түзүүгө кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн өзгөчө ыраазычылыктын жана урматтоонун белгиси катары Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Борис Николаевич Ельциндин ысымы ыйгарылган.
2008-жылдын сентябрь айында, Кыргыз-Россия Славян университетинин 15 жылдыгын белгилөө күндөрү башкы имараттын фойесинде Россия Федерациясынын биринчи Президенти Борис Н.Ельциндин колодон жасалган бюсту орнотулуп, салтанаттуу ачылган.

 

 

КРСУнун миссиясы

Аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен коомдун экономикалык, саясий жана маданий ааламдашуусунун шарттарында сапаттуу атаандаштыкка жөндөмдүү кесиптик билимдин негизинде коомдун билим берүү жана илимий билимин, экономикалык дараметин, маданий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын сактоо жана өркүндөтүү; орус тилин жана маданиятын өнүктүрүү, билим берүү жана илим жаатындагы орус тилдүү билим берүүнү жана интеграциялык процесстерди илгерилетүү, маданияттарды, тилдерди өз ара байытууга шарт түзүүчү лингвистикалык жана маданий чөйрөнү түзүү, Кыргызстан менен Россия элдеринин тарыхый жана улуттук салттарын сактоо.

Университет бүгүнкү күндө

Университет заманбап, динамикалуу өнүгүп жаткан илимий-билим берүү комплексин элестетип, ал кесиптик билим берүүнүн бардык баскычтарын, кошумча билим берүү тутумун, жогорку кесипкөй кадрларды, өнөр жай жана академиялык илим, бизнес менен мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнүн кызыкчылыгы үчүн бизнес-коомдоштук, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө негизделген өнүккөн илимий жана инновациялык инфраструктураны өзүнө камтыйт.
Университет жогорку билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде: бакалавр, магистратура, специалитет, аспирантура жана ординатура боюнча билим берүү программаларын ишке ашырат.
Профессорлор жана кызматкерлер арасында Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданият, илим жана техника тармагына эмгек сиңирген ишмерлер, КР билим берүүнүн отличниктери, «КРСУнун ардактуу профессору» наамынын ээлери, КРСУнун «Университетке сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйлангандар бар.

 

Сыйлыктар

Ыраазычылык, 2003-жылдын 5-сентябры
Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин «билим берүү жаатында орус-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» «Кыргыз-Россия Славян университетинин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө» жарлыгы менен КРСУнун жамаатына ыраазычылык билдирилген.

 

 

 

«Достук» ордени, 2017-жылдын 30-августу
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыгы менен Кыргыз-Россия Славян университети орден менен сыйланды.

 

 

 

 

Ыраазычылык, 2018-жылдын 29-июну
Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин буйругу менен «Россия Федерациясынын Тунгуч Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети» Мамлекет аралык жогорку кесиптик билим берүү мекемесинин жамааты «Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда орус тилин жана маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн»  ыраазычылык билдирилген.