Медициналык факультет

Факультеттин деканы - маданияттын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, профессор
Караева Роза Райымбековна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр., 1
(996 312) 31-60-69
(996 312) 31-60-85
КРСУнун медициналык факультети   Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министрлиги менен Россия Федерациясынын  жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик комиссиясы менен макулдашуусу боюнча ректордун 1994-жылдын 15-июнундагы №79-буйругу менен  ачылган

КРСУнун медицина факультетинин миссиясы

Медицина факультетинин миссиясы саламаттык сактоонун  баштапкы звеносунда иштей ала турган  университеттин окуу чөйрөсүндө берилген жогорку  жалпы профессионалдык даярдыкка шайкеш дипломдон кийинки жалпы маданий кеңири кругозорго ээ, компьютердик сабаттуу, билимге жана инсандар аралык баарлашуу  көндүмүнө ээ медициналык билимге жөндөмдүү дарыгерлерди даярдоо  болуп саналат

Адистерди даярдоо Кыргызстан жана Россиянын саламаттыкты сактоо тармагынын керектөөлөрүн, алардын реформалоо стратегияларын эске алуу менен жүргүзүлөт. Окутуунун жүрүшүндө заманбап медицинанын жетишкендиктери жана мындан тышкары КР, РФте гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк масштабдагы жетишкендиктер эске алынат жана колдонулат.

Билим берүү багыты

Факультет  төмөнкү адистиктер боюнча негизги университеттик билими бар дарыгерлерди  бүтүрөт:
  • Дарылоо иши
  • Педиатрия
  • Стоматология
Студенттерди даярдоо окутуунун компонентүүлүк мамилесине негизделген россиянын жана кыргызстандын мамилекеттик стандартына ылайык түзүлгөн окуу планы менен жүргүзүлөт. Факультетте россиянын Мам түрлөрүндө каралган өндүрүштүк практиканын бардык түрлөрү жүргүзүлөт. Алардын программалары КРжана РФнын Саламаттык сактоо министирлери тарабынан бекитилген прикладтык көндүмдөрүнө негизделген
 
Бүтүрүүчүлөр эки медициналык диплом алышат: кыргызстандын жана россиянын . Алардын бары окуу жайды аяктагандан кийин ординатурада  айрымдары россия билим берүү программасы боюнча аспирантурада окууларын улантышат.
 
2022-жылы өздөрү тандаган медицинанын  областында иштөө укугуна жооп берүүчү  күбөлүк жана сертификаттарга  ээ  болушкан 14-педиатрлар жана стомотологдор; 21-клиникалык ординатор  дарыгер-врачтардын 23-бүтүрүүсү болуп өттү. Факультет өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери, 2434 дерыгер-врачтарды, 941-педиатр жана 1816 стомотологдорду дярдаган. Алардын көпчүлүгү Кыргызстанда эмгектенүүө. Көбү да Новосибирскте, Санк-Петербургда, Москвада Россиянын түрдүү шаарларындагы алдынкы медициналык жогорку окуу жайларына ординатура жана аспирантурага  өтүшүп жана ийгиликтүү аяктай алышты. Айрымдары Кытй, Пакистан, АКШ, Израил, Германияда практикадан өтүшүүдө.
 
1995, 1999, 2000, 2003, 2006, 2009, 2011, 2013, 2014, 2016, 2017, 2018, 2019, 2021 жана 2022-жылдары Кыргыз –россия эксперттик коммиссиясы тарабынын  текшерүүсүндө окутуунун жогорку сапаты ырасталган.

Факультеттин түзүмү

Факультетте 1994-жылы бир гана медико-биологиялык жана медико психологиялык дисциплина  кафедра болгон. Азыркы күндө факультеттин курамына төмөнкүлөр кирет:

  • Деканат;
  • Уюштуруу-методикалык бөлүм;
  • Медициналык кадрларды сапаттуу даярдоо мониторинг борбору;
  • Жогорку окуу жайынан кийинки  медициналык билим берүү, кайрадан даярдоо жана эмгеке орноштуруу бөлүмү;
  • Чет элдик угуучулар үчүн даярдоо курстары;
  • 4 окуу-методикалык лаборатория;
    • медициналык дисциплинаны окутуунун кафедра аралык жаңы технологиялар окуу  лабороториясы
    • Клиникалык биохимия лабораториясы;
    • Окуу процессин оптимизациялоо лабораториясы;
    • Патологиялык процесстерди эксперименталдык моделдөө лабораториясы;
  • 3 окуу-методикалык жана 1 маалымат-методикалык кабинет
  • Дарыгерлерди акредитацилоо жана симулятивдик окутуу борбору;
  • Медициналык практиканы уюштуруу борбору;
  • Чет элдик студенттерге медициналык билим берүү борбору;
  • Саламаттык сактоо уюмдары менен кызматташуу борбору;
  • Стоматологиялык окуу-клиникалык борбору;
  • Профилдүү 38 кафедра
    • химия жана биохимия кафедрасы
    • Физика, мединформатика жана биология кафедрасы
    • Нормалдуу физиология кафедрасы
    • Патологиялык  физиология кафедрасы
    • Патологиялык анатомия кафедрасы
    • Сот медицинасы кафедрасы
    • Гистология, цитология, эмбриология кафедрасы
    • Базистик жана клиникалык фармокология кафедрасы
    • Гигиена кафедрасы
    • Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы
    • «Педиатрия» жана «Стоматология» адистиктери боюнча №1 терапия кафедрасы
    • «Дарылоо иши» адистиги боюнча №2 терапия кафедрасы
    • Жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасы
    • Госпиталдык хирургия кафедрасы
    • Урология кафедрасы
    • Травматология жана ортопедия кафедрасы
    • Педиатрия кафедрасы
    • Балдар хирургия кафедрасы
    • Акушердик иш жана гинекология кафедрасы
    • Хирургиялык стоматология кафедрасы
    • Терапевтикалык стоматология кафедрасы
    • Ортопедиялык стоматология кафедрасы
    • Балдар стоматологиясы жаак-бет жана пластикалык хирургия кафедрасы
    • Онкология жана нурлуу терапия кафедрасы
    • Нур менен диагноздоо кафедрасы
    • Офтолмология кафедрасы
    • Оториналорингология кафедрасы
    • Неврология , нейрохирургия жана  медициналык генетика кафедрасы
    • Жугуштуу оорулар ткафедрасы
    • Дерматовенерология жана фтизиатрия кафедрасы
    • Медициналык реабилитация кафедрасы
    • Медициналык психология, психиатрия жана психотерапия кафедрасы
    • Катастрофа медицина кафедрасы
    • Микробиология жана вирусология кафедрасы
    • Эпидемиология жана иммунология кафедрасы
    • Анатомия, топографиялык  анатомия жана опертивдик хирургия кафедрасы
    • Үй бүлөлүк медицина кафедрасы
    • Окуу практикасы жана ИИИнин негиздери кафедрасы

Факультеттин материалдык базасы

Теоретикалык пофилдер кафедрасы (анатомия, топографиялык  анатомия; гистология, цитология, эмбриология;физика, мединформатика жана биология; микробиология жана вирусология; катастрофа медицина; базистик жана клиникалык фармокология; эпидемиология жана иммунология; нормалдуу физиология; химия жана биохимия) негизинен Чынгыз Айтматов проспектиси боюнча №9 корпуста, мындан тышкары университтеин Аламүдүн -1 кичи районундагы №12 жана 13 корпустарында, Киев көчөсү 77де «Илбирс»ААКнун корпусун пайдалануу менен 5 лекциондук зал, китепкана залы, 5 компьютердик класс, 78 окуу жана 5 лабораториялык  бөлмө, 1 виварий, 13 административдик кабинет, анатомия музейи, аппарат-программалык комплекс менен жабдылган  «Пироговдун интерактивдик анатомиялык столу» жайгашышкан. Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы Ахунбаева 92а дарегиндеги Улуттук онкология борборунун базасында жайгашкан Гигиена кафедрасы КРСУнун Аламүдүн-1 кичирайонундагы №12 корпуста. Патологиялык анатомия кафедрасы байтик  баатыр 1 дарегиндеги  Републикалык психикалык оруулар борборунун аймагында жайгашкан.

 

Клиникалык профил кафедрасы (стоматология жана педиатрия адистиктери үчүн терапевтикалык сабак: дарылоо иши адистиги үчүн терапевтикалык сабак; жалпы жана факультеттик хирургия; госпиталдык хирургия; урология; травматология жана ортопедия; медициналык психология, психиатрия жана психотерапия; неврология; үй бүлөлүк медицина; сот медицинасы; медициналык реаблитация; медициналык генетика жана нейрохирургия; Дерматовенерология жана фтизиатрия; жугуштуу оорулар; акушердик иш жана гинекология; педиатрия; балдар хирургиясы; онкология жана нурлуу терапия; офтолмология; оториноларинология; үй бүлөлүк медицина) тиешелүү медициналык мекемелердин,   улуттук медициналык борбордун жана республикалык жана шаардык башкарууга баш ийген  ИИИнун  базаларында жайгашкан. Хирургиялык стоматология, терапевтикалык стоматология, ортопедиялык стоматология, балдар стоиатологиясы, жаак-бет жана пластикалык хирургия  кафедрасы №13 корпуста (Аламүдүн 1 кичи району) жайгашкан.

КР саламаттык сактоо министирлигинин 29.09.2018-жылдагы №680 буйругуна ылайык КРСУнун медициналык факультетине 38- ден соолук чыңдоочу мекемеге бекитилген. Азыркы учурда төмөнкү клиникалык базаларды колдонууда:

  1. Улуттук госпиталь (Тоголок Молдо к, 1)
  2. Кардиология жана терапия улуттук борбору (Тоголок Молдо к, 3)
  3. Онкология улуттук борбору (Ахунбаев к, 92а)
  4. Фтизиатрия улуттук борбору (Ахунбаева к, 92а)
  5. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (Тоголок молдо к. 1)
  6.  Дарылоо, курортология жана калыбына келтирүүчү  Кыргыз илим-изилдөө институту (Аламүдүн району, Таш- Дөбө айылы, Больничная к, 23)
  7. Бишкек травматология жана ортопедия борбору (Кривоносова, 206)
  8. Републикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы (Л. Толстой к, 70)
  9. Дерматовенерология республикалык борбору (Л. Толстой к, 70)
  10. Республикалык психикалык ден соолук борбору (Байтик Баатыр к, 1)
  11. №1клиникалык оорукана (Фучик к, 15)
  12. Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы (Байтик Баатыр к, 8а)
  13. Шаардык тез жардам станциясы (Исанов к, 105)
  14. Чүй облустук бириккен  ооруканасы (Саратов к, 10)
  15. №2 Шаардык клиникалык төрөт үйү (Москва к, 225)
  16. Шаардык перинаталдык борбор (Суеркулов к, 1/1)
  17. Профессор Асымбекованын клиникасы (Жал кичи району, Тыналиев к, 18)
  18. Адамдын репродукциясы  илимий борбору (7 кичи район, 14/1 ү)
  19. №2 ШСП (Киев к, 165)
  20. №4 ШСП (Чүй пр, 105)
  21. №5 ШСП(Жукеев-Пудовкин к, 83)
  22. №6 ШСП (Тыныстанов к, 171)
  23. «Биодент» стоматологиялык клиника (Киева к, 112)
  24. «Эммар» стоматологиялык клиника (Асанбай кичирайону, Айтиев к, 17/1 ү)
  25. Шаардык гинекологиялык оорукана (Логвиненко к, 30)
  26. №3 ҮДБ (Жибек Жолу к,495)
  27. №4 ҮДБ (Ибрагимов к, 181)
  28. №5 ҮДБ(Көлбаев к, 42)
  29. №6 ҮДБ (Жукеев –Пудовкин к, 75)
  30. №7 ҮДБ (Тоголок Молдо к, 3)
  31. №8 ҮДБ (Чүй проспектиси 40)
  32. №9 ҮДБ (Курманжан-Датка к, 109а)

 

Кафедралардын медициналык уюмдар менен өз ара мамилелери Ректордун 2008-жылдын 20-майында жаңыланган №202-п «Клиникалык кафедра жөнүндөгү» буйругу, ошондой эле «Студенттердин практикалык окуусу суроосу боюнча саламаттык сактоо уюумдарынын жогорку жана орто професионалдык оку жайлары менен өз ара аракеттери жөнүндөгү» жобоосунун жана эки жактуу келишимдин негизинде жөнгө салынат (2008-жылдын 5-августундагы КРССМ №425 буйругу)

Окутуучу-профессорлордун курамы

Окутуу процессин 460 окутуучу, алардын ичинен 318 штаттык (69,1%) 54,7% окумуштуу даражаларына окутуучулар камсыз кылат. Штаттык кызматкерлердин арасынан 1 КР ИА академиги, 1 КР ИА мүчө-корремпонденти, 35 доктор, профессор, 2 илимдин кандидаты, профессор, 132 илимдин кандидаты, доценти. Алардын ичинде: 20 КР эмгек сиңирген врачы, 4 КР илиминин эмгек сиңирген ишмери, 1 саламаттык сактоосунун эмгек сиңирген кызматкери, 1 билим берүүнү жана маданияттын эмгек сиңирген кызматкери . 200гө жакын кызматкерлер КР билим берүүсүнүн жана саламаттык сактооунун отличниктери.

Илимий-изилдөө шмердиги

Учурда факультетте төмөнкү илимий мектептер жемиштүү иштеп жатышат:

 

  1. Профессор А.Г. Зарифьян жетектеген физиология боюнча мектеби (03.00.13) бийик тоолу  шартта функциялардын бузулушун ун  компенсация  жана адаптациясынын фундаменталдык көгөйлөрүн, тоолу жерде жашаган адамдардын жана жаныбарлардын ишмердүүлүк суроолорун иштеп чыгышат, алынган изилдөөнүн жыйынтыгын  окуу процессине, клиника жана илим издөө практикасына активдүү киргизишет
  2. Профессор И.С. Сабиров жетектеген академик М.М. Миррахимов атындагы мектеп (14.00.05),«Тоолуу шарттарда ички ооруулардын агымы жана жүрөк-кантамыр ооруулары» көйгөйлөрүн изилдешет
  3. Профессор Х. С. Бебезов башында турган татаал хирургиялык  кийлигишүүсүнүн  методдорун оптималдаштыруучу  хирургиялык илимий мектеп (14.00.27)
  4. Профессор Г. У. Асымбекова мектеби «Реппродиктивдүү ден соолук. Принталдык аудит» көйгөйлөрүн иштеп чыгышат
  5. Профессор С. Дж. Бөкөнбаев жетектеген педиатрия мектеби (14.00.09) «Кыргыз Республикасындагы  балдардын ден соолук абалына жана  физикалык өсүүсүнө генетикалык факторлордун жана экологиялык комплекстин тийгизген таасирин изилдешет».
Илимий-техникалык кеңештин 2014-жылдын 19-мартындагы чечими ( №7 протокол) менен факультеттин илимий-изилдөө ишмердигин « XXI к фундаменталдык клиникалык медицинанын чакырыктары жана көйгөйлөрү» жалпы факультеттик бирдиктүү программанын алкагында 5 приоритеттик багыт рамкасында жүргүзөт
  1. Тоолор жана ишмердүүлүк
  2. Кыргызстандын элинин ден соолугун жана репродукциясын, генофондун сактоо.
  3. Кыргызстандын социалдык-коркунучтуу жана стратегиялык өнөкөт орууларын алдын алуу.
  4. Кыргызстандагы хирургияны оптималдаштыруунун илимий негиздери.
  5. Стоматологиядагы инновациялык технологиялар.

 

Факультеттин окумуштуулары ар кандай маанидеги иш чараларга активдүү катышышат. Алардын докладдары Россия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Испания, Турция, Польша, Кытай, Япония, Таиланд жана башкак чет  мамилекеттерде угулду.

2016-2020-окуу жылына 21 монография, 13 китеп, 6 лекция курсу, 98 окуу жана окуу-методикалык куралдар, 5 методикалык иштеп чыгуу, 5 клиникалык колдонмо, 3 тесттер жыйнагы, атлас ж.б Илимий эмгектердин бир нече жыйнактары, 400дөн ашык илимий макалалар ар кандай рецензияланган басылмаларда жарык көргөн.

 

20 патент, 10 автордук укук жөнүндө күбөлүк, рационализатордук сунуштар үчүн 3күбөлүк алынган. 155 ишке ашыруу актысы, анын ичинен  140 окуу процессинде, 9 дарылоо ишинде катталган.
 

Ушул эле мезгилдин ичинде биздин кызматкерлер Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн ондогон симпозиумдарга, конгресстерге, форумдарга, конференцияларга, тегерек столдорго, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышты.

 

Жаңы учур интернет-конференцияларды өткөрүү болду. Ошентип, 2020-жылдын 5-майында КРСУнун Медициналык факультетинин кызматкерлеринин катышуусунда Ташкент медициналык академиясынын негизделгендигинин 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

2020-жылдын февраль айында жана 15-сентябрда иммунология боюнча 1-чи жана 2-чи Эл аралык мектеп-конференциялары, профессор Орозбекова Б.Т. башында турган  эпидемиология жана иммунология кафедрасынын демилгеси менен өттү.  2020-жылдын август айында соттук медицина боюнча россиялык кесиптештер менен интернет-конференция өткөрүлдү. Ал эми 2021-жылдын 11-12-февралы – Россия, Венгрия, Беларусь, АКШ, Өзбекстан жана Казакстандан келген кесиптештердин катышуусунда “Иммунология-2021” эл аралык интернет-конференция болуп ѳттү.

 

 

 

Аспирантура жана докторантура

Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен факультетте аспиранттар үчүн 25 илимий адистиктер ачылган:

1.КЛИНИКАЛЫК МЕДИЦИНА

  • 14.01.01 – Акушердик жана гинекология, буйрук №2531  28.06.2001-ж.;  
  • 01.14.03 - Кулактын, тамактын, мурундун оорулары, буйрук № 2531 28.06.2001-ж.;
  • 14.01.04 -  Ички оорулар, буйрук №781 04.11.1999-ж.;
  • 01.14.05 - Кардиология, буйрук № 781 11.04.1999-ж.;
  • 01.14.06 - Психиатрия, буйрук № 781  11.04.1999-ж.;
  • 01.14.07 - Көз оорулары, буйрук № 1837 21.04.2004-ж.;
  • 01.14.08 - Педиатрия, буйрук № 2531 28.06.2001-ж.;
  • 14.01.09 - Жугуштуу оорулар, буйрук № 781    11.04.1999-ж.;
  • 14.01.10 - Тери жана венерологиялык оорулар, буйрук № 1033    15.05.2008-ж.;
  • 14.01.11 - Нерв оорулары, буйрук № 2531   28.06.2001-ж.;
  • 14.01.12 - Онкология, буйрук № 781 11.04.1999-ж.;
  • 14.01.14 - Стоматология, буйрук № 1033 15.05.2008-ж.;
  • 14.01.15 – Травматология, буйрук № 4083    17.12.2001-ж.;
  • 14.01.16 - Фтизиатрия, буйрук № 2531 28.06.2001-ж.;
  • 14.01.17 - Хирургия, буйрук №781 11.04.1999-ж.
  • 01.14.18 - Нейрохирургия, буйрук № 1837     21.04.2004-ж.;
  • 14.01.19 - Балдар хирургиясы, буйрук № 4083  17.12.2001-ж.;
  • 14.01.20 - Анестезиология жана реанимация, буйрук № 1033 15.05.2008-ж.;
  • 01.14.21 - Гематология жана кан куюу, буйрук № 1837     21.04.2004-ж. ;
  • 01.14.23 - Урология, буйрук № 1837 04.21.2004-ж.;
  • 14.01.26-Жүрөк-кан тамыр хирургиясы,. буйрук №4083 17.12.2001-ж.;
  • 03.14.06 - Фармакология, буйрук № 2531      28.06.2001-ж.;

2. ДЕН СООЛУК ЖАНА ПРОФИЛАКТИКАЛЫК МЕДИЦИНА

  • 02.14.03 – Коомдун ден-соолугу  жана саламаттыкты сактоо, буйрук №1033 15.05.2008-ж.;

3.ФУНДАМЕНТАЛДЫК МЕДИЦИНА

  • 03.14.03 - Патологиялык физиология, буйрук  № 1837    21.04.2004-ж.;
  • 03.03.01 - Физиология, буйрук № 781 11.04.1999-ж.;

Азыркы учурда аспирантурада 101 аспирант (38 күндүзгү, 63 сырттан) билим алууда.

1997-жылдан 2014-жылга чейин Факультетте он илимий адистик боюнча Россиянын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 4 диссертациялык кенеши түзүлгөн. Аларда 10 докторлук жана 300дөн ашык кандидаттык диссертациялар жакталган. Азыркы учурда бул кеңештер жок.

 

Бирок, Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы аркылуу республиканын башка медициналык жогорку окуу жайлары жана илимий-изилдѳѳ институттары менен бирдикте диссертациялык кенештер ачылды:

  • Д 14.18.582  14.02.03 – Коомдун ден-соолугу жана  саламаттыкты сактоо жана эндокринология адистиктери. Уюштуруучулары – КРСУ жана КММА. Төрагасы – медицина илимдеринин доктору, профессор Самигуллина А.Е., илимий катчы – м.и.к. Князева В.Г.
  • Д 14.18.585   14.03.03 – Патологиялык физиология, 03.03.01 – Физиология, 03.14.11 – Калыбына келтирүү, спорт медицинасы, дарылоо дене тарбиясы, курортология адистиктери боюнча. Төрага – медицина илимдеринин доктору, профессор Кононец И.Е., илимий катчы – медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сайдылдаева А.Б.
  • Д 14.19.589 14.01.14 - Стоматология, 14.01.03. - кулак, тамак, мурун оорулары, 14.01.07 - Көз оорулары адистиктери боюнча (кандидаттык). Төрага – медицина илимдеринин доктору, профессор Калбаев А.А., илимий катчы – м.и.к., доцент Абасканова П.Д.
  • Д 14.18.568 14.01.23 — Урология, 14.01.10 — Тери жана венерикалык оорулар адистиктери боюнча. (кандидаттык) Төрага – медицина илимдеринин доктору, профессор Балтабаев М.К., илимий катчы – м.и.к. Өскөн уулу Айбек.
  • Д 14.20.608 фармакология, клиникалык фармакология, дарыларды өндүрүү технологиясы, фармацевтикалык химия адистиктери боюнча. Төрага – медицина илимдеринин доктору, профессор Зурдинов А.З., илимий катчы – м.и.к., доцент Сабирова Г.С.

Эл аралык кызматташтык

Факультет Россия Федерациясына тиешелүү медициналык университеттери, факультеттери, борборлору жана илимий-изилдөө институттары: Россиядагы Элдердин достугу университети, Москва мамлекеттик университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети, Санкт-Петербург мамлекеттик медициналык университети, Новосибирск жана Ярославль медициналык академиялары, Россия жана Санкт-Петербург медициналык дипломдон кийинки билим берүү академиясы, Москва илимий-изилдөө психиатрия институту, Бүткүл россиялык акушердик, гинекология жана неонатология борбору жана башкалар менен кеңири байланышта.

 

Орто Азия чөлкөмүнүн жогорку окуу жайлары: Тажик медициналык университети, Караганды жана Батыш Казакстан медициналык академиялары менен келишимдик байланыштар сакталып турат. Бардыгы болуп 60тан ашык кызматташуу келишимдери (контракттары) түзүлгөн.

 

Факультеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын демилгеси менен 2000-жылы Кыргызстанда Россиянын медициналык ассоциациясынын филиалы ачылып, анын аркасында КРСУ Россиянын саламаттыкты сактоо системасын реформалоо процессинин бардык аспектилеринен кабардар болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Университет ошондой эле Евразия медициналык биримдигинин жамааттык мүчөсү болуп саналат жана 2015-жылы Россия Федерациясынын «Медициналык жана фармацевтикалык жогорку окуу жайларынын ректорлор кеңешинин» ассоциациясына кабыл алынган. КРСУ Кыргыз Республикасынын Медициналык ЖОЖдорунун Ассоциациясынын тең негиздөөчүлөрүнүн бири (КММА, ОшМУ жана МХСМ МУК менен бирге).

 

 

 

Студенттер

Жыл сайын өтүүчү сынак бир орунга 10дон (педиатрия) 55ке (стоматология) чейин. Буга врачтык кесиптин популярдуулугу гана эмес, кесиптик багыт берүүнүн активдүү ишке ашырылышы да көмөктөшүүдө. Учурда 2000ден ашык студент билим алууда, анын 73,7%ы контракттык негизде.

 

Студенттер жамааты көп улуттуу. Студенттердин арасында Кыргызстандыктардан тышкары Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Грузиянын жарандары да бар.

 

Мындан тышкары алыскы чет мамлекеттердин – Ирак, Пакистан, Түштүк Корея, Израил, Түркия, Иордания, Сирия, Индиянын өкүлдөрү окутулууда. Чет элдиктердин көбү адегенде бир жылдык даярдоо курстарынан өтүшөт, анда студенттер орус тилинин негиздерин, ошондой эле алдыда боло турган биринчи курстун айрым окуу дисциплиналарын үйрөнүшөт. Индиялык студенттер 2015-жылдан бери англис тилинде билим алышууда.

 

Факультеттин студенттик жашоосун башкаруучу органы шайлоо жолу менен түзүлүлгөн Жаштар парламенти болуп саналат. Студенттик администрациянын бул органы деканат менен бирдикте факультеттин туулган күндөрүн, майрамдарды («Кесип – бул жашоо!», «Жаңы жыл», «Нооруз»), конкурстарды жана олимпиадаларды, фестивалдарды, спорттук мелдештерди, кесиптик майрамдарды жана кайрымдуулук мүнөздөгү акцияларды уюштурат.

 

2019-2020-окуу жылында Медицина факультетинде 37 кафедранын 36 кафедрасында Студенттердин илимий-изилдѳѳ иштери жүргүзүлдү. 48 студенттик илимий-изилдѳѳ ийримдер иштейт.

 

Бул ийримдерде 544 адам илимий изилдөөлөр менен үзгүлтүксүз алектенет, ал эми КРСУнун медициналык факультетинин кафедралары тарабынан уюштурулган жана өткөрүлүүчү ар кандай иш-чараларга (олимпиадалар, конференциялар, викториналар жана семинарлар) катышкан студенттердин жалпы саны 1000ге жакын адамды түздү.

 

Өткөн окуу жылындагы бардык кыйынчылыктар менен факультеттин Студенттердин илимий-изилдѳѳ иштери  өчкөн жок.

Илимий ийримдер ишин улантып, илимий иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын эң чоңдору:

  • 2019-жылдын ноябрь айында Бишкекте  Россиянын илим жана маданият борборунун колдоосу менен физиология боюнча И.М. Сеченовдун туулган кунунун 190 жылдыгына жана И.П. Павловдун туулган күнүнүн 170 жылдыгына.  арналган декада болуп өттү.
  • Морфология, клиникалык анатомия жана хирургиялык көндүмдөр боюнча студенттердин III ЖОЖдор аралык олимпиадасы (7-декабрь, 2019-жыл);
  • Факультеттин 25 жылдыгына арналган педиатриялык стоматология боюнча олимпиада, гистология боюнча сынак, химия боюнча олимпиада;
  • 2019-жылдын 26-декабрында "Дордой Плаза" соода борборунда "Биздин курс жүрөктүн  саламаттыгы-2020" акциясы өттү.

Чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү баяндамалар болду. Ошентип, 2019-жылдын 12-декабрында Новосибирск мамлекеттик медициналык университетинде студенттердин жана жаш окумуштуулардын IV Эл аралык морфологиялык конкурс-конференциясы болуп өттү. Студенттерибиздин докладдары “Патанатомия жана соттук медицина” секциясында 1-чи жана 3-чү орун, “Адам анатомиясы, топанатомия” секциясында III-орунга ээ болушту. 13-декабрда биздин команда ал жерде сынактар жана мыкты визиттик карта боюнча 3-орунга ээ болушту.

 

Екатеринбургда өткөн IV Зверев окууларында (Келечектеги педиатриялык хирургдардын мектеби) (2020-жылдын 31-январынан 2-февралына чейин) КРСУ командасы ар кандай номинациялар боюнча 24 дипломго ээ болду, анын ичинде. 1-даража - 6, 2 - 11, 3 - 7.

 

С.Д. Асфендияров атындагы  Казак УМУда өткөн илимий-практикалык конференцияда (IV Medical Global Forum),  биздин 15 илимий эмгек сунушталып, 3 биринчи орунга ээ болушту.

 

6-курстун студенти Исломбек Абдурахмановдун «XXI кылымда саламаттыкты сактоо жана билим берүү» (Москва) XXI Эл аралык конгрессинде жасаган доклады Диплом, медаль жана кубок менен мыктылар категориясына кирди.

 

Пандемиянын башталышы менен онлайн илимий иш-чаралар барган сайын көбүрөөк салмак ала баштады. Ошентип, 2020-жылдын 4-18-майында Андижан мамлекеттик медициналык университетинин Анатомия жана клиникалык анатомия кафедрасы тарабынан уюштурулган олимпиадага ар кайсы медициналык университеттерден 70 студент 4 сынакка катышты. Биздин экинчи курстун студенттери (жетекчиси Бейсембаев А.А.) 1, 2, 3-орундарды ээлешти.

 

Кубан Мамлекеттик Медициналык университетинин 100 жылдыгына арналган 81-илимий конференцияда (2020-жылдын 12-18-майы) биздин 3 автордун, Анатомия жана ОКХТА кафедрасынын Илимий Студенттик коомунун  мүчөлөрүнүн баяндамасы  Ардак грамотага татыктуу болгон.

 

2020-жылдын 30-июнунда КРСУ, КММА, МГСМ МУК, Ростов, Самара, Тверь, Новосибирск мамлекеттик медициналык университети, Урал агрардык университетинин студенттери жалпы онлайн олимпиадасында “Жаңы реалдуулук – биз жасай алабыз!” конкурс-конференциясы болуп өттү. Университети, Астана медициналык университети (Нур-Султан) жана Андижан мамлекеттик медициналык университети катышты. Медицинанын актуалдуу проблемалары боюнча 21 доклад угулду. Биздин жигиттер бештен 3 бөлүмдө байгелүү орундарга ээ болушту.

 

2020-жылдын 18-сентябрында Ростов мамлекеттик медициналык университетинин илимий-практикалык конференциясында төрт жаш спикерибиз (жетекчиси Бейсембаев А.А.) ийгиликтүү баяндама жасашты.

 

Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын декабрь айында жаздан кийинкиге калтырылган жыйынтыктоочу студенттик илимий конференцияны, «Гистология боюнча эксперттер» сынагын, ал эми ушул жылдын 9-февралында Бүткүл дүйнөлүк стоматолог күнүнө карата - «стоматология» адистигинин 1-курсунун үч командасынын тегерек стол-мелдеши ѳткѳрүлгѳн.

#Медицинский факультет

  Студенты медицинского факультета КРСУ приняли участие на международной олимпиаде по морфологии. В научном соревновании риняли…
Преподаватель медицинского факультета Анастасия Сивиринова приняла участие в X Юбилейном Всероссийском форуме молодых…
Заведующий кафедрой судебной медицины КРСУ Нурлан Исмаилов принял участие в XI Международном конгрессе "Актуальные вопросы…
Поздравляем команду Медицинского факультета КРСУ с заслуженной победой на межвузовском турнире по футболу!    Это отличное…
Прошла рабочая встреча декана медицинского факультета Кыргызского Российского Славянского Университета (КРСУ) Розы Караевой с…
КРСУ празднует победу  футболистов Медицинского факультета в полуфинале межвузовского турнира.  Поздравляем команду с этим важным…