Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор
Касиев Накен Касиевич
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 92а
(996 312) 88-05-10

Кафедранын кыскача тарыхы

Кафедра 2004-жылдын 1-сентябрындагы
№242-П буйругуна ылайык (19.09.2004-ж) түзүлгөн. Алгачкы кафедра башчысы – 2004-жылдан 2007-жылга чейин  медицина илимдеринин кандидаты, доцент Абдуллин Кашаф Джумаевич болгон.

 

2007-жылдан азыркы учурга чейин медицина илимдеринин доктору, профессор Касиев Накен Касиевич кафедраны жетектейт. Кафедранын илимий-изилдөө ишмердиги Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо, ден соолук абалы жана медицина тарыхынын маселелерине арналган.

 

«Коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо» кафедрасы 2017-жылы Ата мекендик билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Россия

 

Табият таануу Академиясы тарабынан «Ата мекендик алдын фонд» сериясынын «Россиянын алтын кафедрасы» диплому менен сыйланган

 

Кафедра 2018-жылы университеттин илимий-инновациялык ишмердигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРСУнун грамотасы менен сыйланган. 2011-жылдан 2020-жылга чейин: жарык көргөн басылмалардын саны – 145, 5 монография, 2 окуу китеби, 26 окуу куралдары жарык көргөн.

 

2008-жылдын 1-ноябрында кафедрада аспирантура бөлүмү ачылган. Азыркы учурда 4 аспирант окуп жатат. 12.04.2021-жылдын №19 буйругу менен КРСУнун, КММАнын алдында Д.14.21.636 диссертациялык кеңеши 14.02.03 шифр Коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо, 14.01.02 шифр Эндокринология иш алып барат.
Кафедранын кызматкерлеринин ичинен: төрага – Касиев Н.К., окумуштуу катчы – Болбачан О.А., техникалык катчы – Ибраимова Д.Д.