"Дарылоо иши" адистиги боюнча №2-терапия кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор
Сабиров Ибрагим Самижонович
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Тоголока Молдо 3
(996 312) 89 90 43

Кафедранын кыскача тарыхы

“Дарылоо иши” адистиги боюнча №2 терапия кафедрасы 2012-жылы жаӊы аталышка ээ болду. Эӊ башында КРСУ ректорунун 14-ноябрь 1997-жылы чыгарылган №168-п буйругу менен терапия дисциплиналары кафедрасы болуп түзүлгөн. Андан соӊ 2011-жылдан тартып ректордун 07.09.1999 күнү чыгарылган №137-п буйругунун негизинде  факультеттик терапия кафедрасы болуп аталган.  

 

Кафедранын биринчи башчысы – дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу, м.и.д., профессор, КР УИА жана РМИА академиги Миррахимов М.М. болгон. Академик Миррахимов М.М. каза болгондон кийин кафедраны 2008-жылдан тартып анын окуучусу – м.и.д., профессор Джумагулова Айнагуль Сексеналиевна жетектеген. 2013-жылдан тартып азыркы кезге чейин кафедраны м.и.д., профессор Сабиров Ибрагим Самижонович жетектейт.