Урология кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор
Чернецова Галина Степановна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Тоголок-Молдо, 1 (Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын аймагы)
(996 312) 69 85 76
(996 312) 62 17 40

Кафедранын кыскача тарыхы

Урология кафедрасы өзүнүн жаңы аталышын 2014-жылы алган. Мурда КРСУ ректорунун 1.09.2006-ж. буйругунун негизинде жекече хирургиялык дисциплиналар кафедрасы деп аталчу. 2011-ж. кафедра “Урология, травмотология жана ортопедия кафедрасы” деген жаңы аталышка ээ болду.

Урология боюнча лекцияларды Чернецова Г.С., Алимов Ч.Б., Адиев А.Т., Колесниченко И.В., Адиев А.Т. окушат.

Катышуу жана жетишүү боюнча көзөмөл журнал жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Сабакка жетишпеген студенттер үчүн карыздарды жоюу күндөрүнүн  жана жакшы окуган студенттер менен иштөө күндөрүнүн графиги түзүлгөн. Сабактан жетише албаган студенттер менен индивидуалдык иштер окутуучу тарабынан белгиленген карыздарды жоюу күндөрү жүргүзүлөт.

Урология сабактары боюнча таркатылып берилүүчү материалдардын кеңири топтому жана лекциялардын электрондук варианттары бар:

  • урологиялык оорулардын семиотикасы жана симптоматикасы
  • текшерүүлөрдүн рентгенологиялык жана инструменталдык методдору
  • урогениталдык системанын аномалиялары
  • урогениталдык системанын өйдөңкү жана ылдыйкы бөлүктөрүнүн спецификалык эмес сезгенүү оорулары
  • заара чыгаруучу органдарынын травмалары
  • урогениталдык системанын шишик оорусу

Ар бир циклдын аягында сабактарды жана лекцияларды өткөрүүнүн сапаты боюнча студенттерди сурамжылоо жүргүзүлүп турат.

2010-2015-жж  аралыгында кафедра 1 монография, 7 методикалык сунуштама, 5 мультимедиялык лекцияларды чыгарды.