Медициналык реабилитация кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент
Саралинова Гюльнара Меровна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Загорская 34а
(996 312) 63-22-55

Кафедранын кыскача тарыхы

Кыргызстан-Россия Славян университетинин медициналык калыбына келтирүү кафедрасы №1 терапиялык дисциплиналардын (1996-2004-жж.) жана калыбына келтирүүчү медицинанын (2004-2009-жж.) кафедраларынын курамына кирген.  Ректордун 2009-жылдын 24-июлундагы № 324-П буйругу менен физиотерапия, доктурдук көзөмөлдөө жана ДДТ кафедрасы өз алдынча иш алып бара баштады. Кийинчерээк ректордун 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 284-П буйругу менен медициналык калыбына келтирүү кафедрасы болуп аталып калды.

 

2004-2011-жылдары кафедраны көрүнүктүү окумуштуу – м.и.д., профессор Д.А.Алымкулов жетектеген. Анын жетекчилигинде илимдин 19 кандидаты жана докторлору даярдалып чыккан. Профессор Д.А.Алымкулов – 250дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 16 монографиянын, 2 окуу китептин жана 8 патенттин автору.

 

2011-жылдан тартып кафедрага м.и.к., у.и.к. Г.М.Саралинова башчылык кылып келет.