Бөлүм башчысы
Сулейманова Сабина Маратовна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киевская, 44, 206-бөлмө
(996-312) 43-11-78
(996-312) 68-12-53
Бөлүм чет өлкөлүк билим берүү, илим, маданият уюмдары, эл аралык фонддор менен келишимдик байланыштарды түзүү жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иш алып барат.
Негизги функциялары:
- Долбоорлорду жана келишимдерди даярдоодо жана жүзөгө ашырууда университеттин кафедраларына жана окутуучулар курамына консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү.
- Чет элдик уюмдар - донорлор, ошондой эле окуу жайлар, илимий-изилдөөчүлүк уюмдар, фонддор менен кызматташуу боюнча сунуштар жөнүндө маалыматтарды издөө жана жайылтуу.
- КРСУнун Эл аралык байланыштар башкармалыгынын жана университеттин башка бөлүмдөрүнүн долбоорлорду жана келишимдерди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды жыйноо, классификациялоо, талдоо жана топтоо.
- КРСУнун келишимдеринин, долбоорлорунун жана башка эл аралык иш-аракеттеринин мониторинги жана аларды баалоо.
- Университеттин, биргелешкен долбоорлорду жана келишимдерди ишке ашырууга катышкан өнөктөш уюмдардын долбоордук жана келишимдик иш-аракеттери жөнүндө маалымат базасын түзүү.
- Долбоорлорду жана келишимдерди башкаруу менен алектенген университеттин бөлүм жетекчилери, алдыңкы кызматкерлери менен чет элдик делегациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушууларын жана сүйлөшүүлөрүн уюштуруу.
- КРСУнун профессордук-окутуучулук курамынын эл аралык иш-чараларга катышуусун кеңейтүүгө, илимий-педагогикалык кызматкерлеринин, илимий кадрларынын жана студенттеринин алмашуусун уюштурууга көмөктөшүү.
- КРСУ менен кызматташууну каалаган чет өлкөлүк университеттерге жана башка уюмдарга маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтүү.
- Бөлүм кызматкерлери, окутуучулар жана студенттер үчүн долбоорлорду жазуу жана келишимдерди түзүү технологиялары боюнча консультацияларды, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду даярдоо.
- Университет берген дипломдордун эл аралык деңгээлде таанылышына көмөктөшүү.