Базистик жана клиникалык фармакология кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент
Зурдинова Аида Аширалиевна
720000,Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Тыныстанов к.,1, ҮМБ №18, 2-кабат, 20-блок
(996 312) 54-58-92

Кафедранын кыскача тарыхы

Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасы  өз алдынча кафедра болуп 2008-жылы түзүлүп, Кыргызстан-Россия-Славян университетинин медициналык факультетинин жандандыруу медицинасы кафедрасынан бөлүнүп чыккан.

 

Кафедранын кызматкерлери дары-дармек менен камсыздоо Департаментине, жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык техника, КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин клиникалык фармакология жана далилдүү медицинасынын эксперттери Фармакологиялык комитеттин мүчөлөрү болуп саналышат. КРдин саламаттык сактоо министрлигинин Дарылык комитетинин түзүмүнө киришип,, клиникалык жетектөөнүн, протоколдоонун иштелип чыгуу сапатынын ыкмаларын баалоодогу Эксперттин кеңеши жана 14.03.06 –«фармакология, клиникалык фармакология» адистиги боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү жана бир канча мамлекеттик долбоорлордун, программалардын эксперти катары чыга алышат.

 

Кафедранын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарында «клиникалык фармаколог» деген жаңы кызматы киргизилген. Аталган адистик боюнча кафедрада КРдын саламаттык сактоо системасында иштеген 2 клиникалык ординатор окутулуп даярдалган.

КМШ өлкөлөрүндө биринчилерден болуп клиникалык фармакалогия боюнча окуу процессине Гронимгем университетинде (Нидерланд) иштелип чыккан көйгөйлүү окутуу ыкмасы киргизилген. Дары каражаттарын үзгүлтүксүз камсыз кылууда жана сактоодо, ошондой эле өнүктүрүүдө жана туура пайдалануу эрежелерин бекитүү максатында кафедрада базистик окуу, клиникалык фармакология жана фармакотерапияны окутуунун структуралык ыкмасы иштелип чыккан. Кафедрада фармакологияны, клиникалык фармакологияны, фармакотерапияны окутуунун инновациялык ыкмалары иштелип чыгып  ишке киргизилип жана эл аралык конференцияларда (Москва 2004, Алмата 2008, Москва 2010), ЕвроВОЗдун жолугушуусундагы  фармацевтикалык билим берүү реформасы тарабынан бекитилип, Борбордук-Азия регионундагы  медициналык ЖОЖдор  арасына таркатуу сунушталган.

Кафедранын базасында КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары каражаттарын туура жана коопсуз пайдалануу боюнча илимий-методикалык борбор иштейт, КРда  керектүү дары каражаттарын кайра карап чыгуу тизмегинде активдүү катышат жана КРдын өзгөчө дары каражаттарынын улуттук формулярларын иштеп чыгуу менен алектенет. Ошондой эле, борбордун мүчөлөрү саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдери үчүн ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча клиникалык колдонмолорду жана протоколдорду талкуулоо жана жазууга катышышат.

 

2003-жылы кафедранын жамаатынын катышуусунда «Кыргыз коомчулугу дары-дармектерди туура жана коопсуз колдонуу» коому түзүлүп жана ал дары каражаттарды туура колдонуу боюнча эл аралык (INRUD) коомунун мүчөсү болуп эсептелет. Коомдун мүчөлөрү тарабынан ҮБДнын дарыгерлерине, фтизиатр-дарыгерлерине семинарлар, тренингдер өткөрүлүп турат. Дарыларды туура жана коопсуз колдонуу тууралуу  ар кандай аспектилери массалык-маалымат каражаттарында бир нече жолу талкууланган.