Катастрофа медицинасы кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты
Идирисов Аскербек Ниязбекович
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, кичи район. Аламедин-1, имарат 1/31/5
(996 312) 63-54-06

Кафедранын кыскача сайты

Кафедра 2004-жылы ачылган. “Аскер жана экстремалдуу  медицина кафедрасы” деп аталган. ЖОЖдордо аскерге дайындоо  жана аскер кафедраларынын жоюлушуна байланыштуу  2014-жылы “Катастрофалар медицинасы” деп аталат.

Окутулган бардык дисциплиналар  боюнча кафедранын кызматкерлери тарабынан окуу программалар, методикалык иштелмелер, ошондой эле, ар бир сабакка темалар боюнча иштелмелер  даярдалган. Лекциялар таблицаларды жана слайддарды колдонуу менен заманбап деңгээлде окутулууда.

 

Катастрофалар медицинасы

Аталган дисциплиналарды үйрөнүү процессинде студенттер ар кандай катастрофаларда: жер титирөөлөрдө, сел жүргөндө, суу каптаганда, өрт чыкканда, медициналык камсыздоо менен ошондой эле, жогоруда аталган катастрофаларды жоюуда медициналык мекемелердин штаттык структурасы менен таанышышат.

 

Өмүрдүн коопсуздугу (ӨК)

Коопсуздук - бул  белгилүү деңгээлде адам өмүрүнүн коркунуч  объектилердин предметинин  абалына айланып, өмүргө коркунуч туудурганда коркунучту  жоюуну камсыз кылуу. Аталган дисциплинаны үйрөнүү процессинде студенттер адамдын айлана-чөйрө менен карым-катышынын  теориялык негиздерин жана заманбап өндүрүш шарттарында,  анын өмүрү менен  ишмердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыз кылуу ыкмаларын  үйрөнүшөт.

 

Кечиктирилгис (шашылыш) жардамдын негиздери

Аталган дисциплинаны үйрөнүү процессинде студенттер кечиктирилгис жардамды көрсөтүүнүн негиздери  менен таанышышат жана муляждарда, маникендерде практикалык көндүмдөрүн иштеп чыгышат.