mytopf.com

Эл аралык, илимий жана иноовациялык иштер боюнча проректор
Шекунов Евгений Владимирович
720000, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 44

Кызматка дайындалган күнү -15.10.2024 ж.

Кыргыз-Россия Славян университети Кыргыз Республикасындагы илимий, билим берүү жана маданий борбор болуп саналат, ал билим берүү кызматтары, изилдөө иштери жана иштеп чыгуулар үчүн ИСО 9001-2008 сертификаты менен тастыкталган. Университетте  жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы иштейт алардын саны 876, анын ичинен 137 илимдин доктору жана 420 кандидаты, 3 академиги жана 2 КР УИАнын корреспондент-мүчөсү бар.Университет «Кыргыз Республикасынын Билимге эмгек сиңирген кызматкерлер» наамын алган  11 кызматкери жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лауреаты» наамын алган 7 кызматкери менен сыймыктанат. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо аспирантурада 15 багыт жана 48 профилде, ошондой эле докторантурада 3 тармак жана 4 адистик боюнча жүргүзүлөт. Учурда университетте 7 докторант, 176 аспирант жана 8 соискател билим алууда. Университеттин базасында докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча 15 диссертациялык кеңеш бар.

Структура   

Диссертациялык кеӊеш
Илимий-инновациялык башкаруу
Эл аралык байланыштар бөлүмү
Атайын бөлүм
Терроризмге каршы институту
Стратегиялык талдоо жана болжолдоо институту
"Кегети" окуу полигону
Эл аралык илимий-изилдөө байланыштарды өнүктүрүү бөлүмү
Билим берүү, илим жана маданият борбору
Бийик тоолуу обсерватория

 
Аспирантура, докторантура phD