Дерматовенерология жана фтизиатрия кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор
Балтабаев Мир-Али Курбан-Алиевич
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. Лев Толстой көчөсү, 70 (Дерматовенерология Республикалык борборунун территориясында)
(996 772) 103-190

Кафедранын кыскача тарыхы

30.06.2006-жылы КРСУнун ректорунун      № 259-б буйругунун негизинде 1.09.2006-жылы дерматовенерология жана фтизиопульмонология  кафедрасы катары түзүлгөн. 27.09.2011-жылы медициналык адистиктер боюнча  Мамлекеттик билим берүүнүн жаңы стандарты киргизилгендигине байланыштуу  № 284-б буйругу менен кафедра дерматовенерология жана фтизиатрия кафедрасы болуп аталган.

 

Кафедра негизделгенден тартып Дерматовенерология Республикалык Борборунун жана Фтизиатрия Улуттук Борборунун базасында жайгашкан. "Дерматовенерология" илимий мектебинин өкүлдөрү, студенттер жана аспиранттар, проф. М.К. Балтабаевдин жана проф. А.Ш. Алишеровдун жетекчилиги астында (1955 - 2015) окуу-илимий-изилдөө иштери менен жемиштүү алектенишет, Дерматовенерология Республикалык Борборунун жана Фтизиатрия Улуттук Борборунун стационарларында жүздөгөн оорулууларга консультация беришет.

 

26.04.2012-жылы № 465-к ректордун буйругу менен университеттин илимий-инновациялык ишмердүүлүгүн  өркүндөткөндүгү  жана чыгармачылык активдүүлүгү үчүн кафедра башчысы, профессор М.К. Балтабаевге    өздүк ишине киргизүү менен алкыш жарыяланган.