Анатомия, топографиялык анатомия жана оперативдик хирургия кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, КР Саламаттык сактоонун мыктысы
Губанов Борис Петрович
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Аламүдүн-1 кичи району, КРСУнун медициналык борбору
(996 312) 89-90-41

Кафедранын кыскача тарыхы

Кафедра 2011-жылы 27-сентябрында КРСУнун ректорунун №285 –п буйругу менен уюшулган. Мурда кафедра нормалдуу морфология кафедрасынын курамында болгон.

 

Кафедрада төмөнкү тармактагы сабактар окутулат: кишинин анатомиясы, топографиялык анатомия жана оперативдүү хирургия. Кафедранын курамы 19 окутуучудан турат. 14 окутуучу, алардын ичинен 13 штаттык окутуучу, 1 штаттык эмес. Илимий даражасы бар педагогдордун үлүшү 60% түзөт. Алардын ичинен 1 илимдин доктору жана 4 илимдин кандидаты.

 

Окуу процесси төмөнкү окуу базаларда өткөрүлөт: Аламүдүн-1 кичи районунда (№2 КРСУнун медициналык борбору), Чүй облусттук ооруканасы РБСМЭ моргу, кафедранын анатомиялык музейи. Окутууда кеңири төмөнкү окуу ыкмалары колдонулат: кадавердик материал, анатомиялык муляждар жана фантомдор, видео тасмалар, иллюстративдик фонд, көзөмөл-окутуучу стенддер, «Пироговдун» интерактивдик анатомиялык столу. Эксперименталдык жаныбарлардын үстүнөн, бөлөк органдык комплекстик органдардын жана хирургиялык техникалык ыкмаларын иштетүү боюнча тренажерлордо (ткандарды жара тилүү жана бириктирүү, кесилишти тигүү, хирургиялык инструменттер менен иш алып баруу) иштери жүргүзүлүп жатат.