Физика, мединформатика жана биология кафедрасы

Кафедра башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент
Кондратьева Елена Игоревна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Аламүдүн-1 кичи району, үй 31/1
(996 312) 63-54-06

Кафедранын кыскача тарыхы

1996-жылы медициналык факультеттин курамында «атайын табигый-илимий дисциплиналар» кафедрасы түзүлгөн. Ал кезде кафедраны доцент Э.М. Кучук жетектеген. Кафедра төмөнкү дисциплиналардын окутулушун камсыз кылган: биология менен экология, жогорку математика жана физика, жалпы, биоорганикалык жана биологиялык химия. Жогоруда көрсөтүлгөн сабактар боюнча, лабораториялык базанын жоктугунан КММАнын базасында өткөрүлгөн. 1999-жылы кафедрага №7 корпусунда окуу бөлмөлөрү бөлүнүп, биофизика биология жана клиникалык биохимия лабораториялары түзүлгөн. 

 

2004-жылдан тартып, математика, физика, медициналык информатика, биология сабактары «фундаменталдык медициналык биологиялык дисциплиналар» кафедрасынын базасында ишке ашырылган. Ошол кезде кафедраны Профессор А.Г.Зарифьян жетектеген.

 

2011-жылы №284-п буйругу менен «физика, медициналык информатика жана биология» кафедрасы түзүлгөн. Кафедрага төмөнкү окуу дисциплиналары бекитилген: биология, математика, физика, информатиканын негиздери, медициналык информатика, инсандын маалымат маданияты. Ошол кезде кафедраны доцент Сорокин Александр Анатольевич жетектеген. 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап кафедраны доцент Караева Роза Райымбековна жетектеп келе жатат.

 

Азыркы учурда кафедра төмөнкү  дисциплиналарды окутууну камсыз кылат: биология (1-курс), математика жана физика (1-курс), информатиканын негиздери (2-курс), медициналык информатика (2-курс), инсандын маалыматтык маданияты (1-курс), далилдөөчү медицина (6 курс).