Университеттин спорттук жашоосу

КРСУ Спартакиадасы жыл сайын спорттун 9 түрү боюнча өткөрүлүп келет. Көптөгөн жылдардын аралыгында волейбол, сууда сүзүү, баскетбол (аялдар) боюнча командалар Универсиаданын бир нече жолку жеңүүчүсү жана байге ээси болушкан. Стол тенниси, шахмат жана жеңил атлетика боюнча командалар дагы жеңишке жетишишти.

Ар кайсы жылдары кафедранын мыкты спортчулары болуп төмөнкүлөр табылды: стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Пронская Т., волейбол боюнча спорт чебери М. Гришаева, сууда сүзүү боюнча спорт чебери Захаров Ю. жана Данилов В., грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери Таиров Т., кичи футбол боюнча спорт чебери А.Тилекеев, стол тенниси боюнча спорт чебери А. Якупбаев, шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Самаганова А., Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча спорт чебери Мамедов Ч. жана Мантобетов А., дүйнө чемпиону, таэквондо боюнча спорт чебери Фаустов С., футбол боюнча спорт чебери Калюбин В., бокс боюнча спорт чебери Поренко С

Көптөгөн жылдардан бери кафедра Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамынын арасында «Ден-соолук» Спартакиядаларына катышуу үчүн командаларды уюштуруп, даярдап келет. Волейбол боюнча эркектердин жана аялдардын командалары шаардык жана республикалык мелдештердин көп жолку жеңүүчүлөрү аталып, байгелерге ээ болушкан. Акыркы 5 жылда КРСУнун стритбол командасы эң күчтүү команда болуп келген. Стол тенниси боюнча командасы бир нече жолу Спартакиаданын жеңүүчүсү болгон. Эл аралык спорт чебери Острий И.А.нын жетекчилиги астында. шахмат боюнча командасы бул мелдештердин көпчүлүгүндө жеңишке жетишти.