Эпидемиология жана иммунология кафедрасы

Кафедранын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор
Орозбекова Бубусайра Толобаевна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Киев көчөсү, 77
(996 312) 90-04-78

Кафедранын кыскача тарыхы

Эпидемиология жана иммунология кафедрасы 2015-жылдын 15-майында КРСУнун ректорунун №226-п буйругу менен микробиология, вирусология, иммунология жана эпидемиология кафедраларынын бөлүнүшүнөн кийин түзүлгөн. 

 

Кафедранын штаты 8 окутуучудан, алардын 5 штаттык жана 3 штаттык эмес окутуучулар. Окутуучулардын жалпы санынан 2 илимдин доктору, алардын 2 профессор, 3 медицина илимдеринин кандидаты, алардын ичинен 3 доцент жана 2 даражасы жок.

 

Кафедранын педагогикалык курамы окуу методикалык ишти аткарып жатат.

 

2016-2018-жылдардын аралыгында практикалык сабактарга 5 окуу –методикалык сунуштамалар иштелип чыккан.

 

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен 1 окуу куралы, 2 окуу китеби басылып чыгарылган. Кафедранын методикалык кабинети иммунология жана эпидемиология боюнча 50 окуу куралы менен жабдылган, алардын ичинен көпчүлүк окуу методикалык куралдар кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыккан.