Китепкана

Китепкананын директору
Смирнова Ирина Викторовна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киевская 44
(996-312) 43-11-74
(996-312) 43-11-74

Кыргыз-Россия Славян университетинин китепканасы 1993-жылы университеттин түптөлүшү менен бир мезгилде негизделген. Бүгүнкү күндө китепкана университеттин маалымат тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, заманбап талаптарга жооп берет жана максатына ылайык түзүлөт. Китепкананын фонду 200 миңден ашуун документти түзөт жана университеттин башкы имаратында жана окуу корпустарынын 8 адистештирилген окуу залында жайгашкан. Китепкананын фондун толуктоодо Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде билим берүү жаатындагы интеграциялык процесстерди колдоо программалары боюнча Россия Федерациясы, эл аралык уюмдар жана фонддор, россиялык басмаканалар, ошондой эле жеке адамдар чоӊ жардамын көрсөтүшөт.  

Топтоонун маанилүү булагы мезгилдүү басма сөзгө жазылуу болуп саналат; китепканага 100дөн ашык аталыштагы журналдар жана гезиттер келип түшөт.

Жыл сайын КРСУнун китепканасы бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн 10 миңден ашуун колдонуучуларына кызмат көрсөтөт. Бир жылдын ичинде 460 миңден ашуун китеп жана журнал чыгарылып, төрт миңге жакын маалымдама жана консультация, 30га чейин китеп көргөзмөсү уюштурулат. Китепкананын окуу залдарында 300 орун бар. Китепканага күнүнө 900дөн ашуун колдонуучу келет.

 

Иштин артыкчылыктуу багыттары:

  • фондду сапаттуу толуктоо;
  • билим берүү процессин жана илимий изилдөөлөрдү маалыматтык камсыздоо;
  • китепкана колдонуучуларынын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн компьютердик технологияларды колдонуу.

 

Китепкана заманбап маалыматтык технологияларды активдүү өздөштүрөт жана ишке ашырат.     2002-жылдан баштап китепкана "ИРБИС" автоматташтырылган маалыматтык-китепкана тутуму орнотулган, китепкана кызматкерлери үчүн жумушчу орундарды уюштурулган, Интернетке туташтырылган жергиликтүү китепкана тармагын түзүлгөн, китепканага келип түшкөн документтердин бардык түрлөрүнүн автоматташтырылган иштелип чыгуусу жүргүзүлөт, электрондук каталог түзүлгөн, китепкананын http://lib.krsu.edu.kg.сайты иштелип чыккан.
 
2005-жылдан бери Электрондук китепкана залы иштеп келет.

Электрондук китепкана төмөндөгү багыттар боюнча иштейт:

  • университетте окутулган сабактар боюнча толук тексттүү окуу китептеринин жыйнагын түзүү;
  • колдонуучуларга CDдеги окуу адабияттарынын жыйнагын уюштуруу жана берүү;
  • университеттин кызматкерлеринин эмгектеринин толук тексттик жыйнагын түзүү;
  • толук тексттүү алыстан кирүү маалымат базаларына жазылуу;
  • КРСУ Вестнигинин толук тексттик макалалар жыйнагын түзүү.

 

Китепкананын колдонуучулары ата мекендик жана чет өлкөлүк электрондук маалымат ресурстарына жана дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын маалымат базаларына ээ.

КРСУ китепканасы Эл аралык электрондук китепканаларды жана жаңы маалыматтык технологияларды колдонуучулардын жана иштеп чыгуучулардын Ассоциациясынын (ЭКЖМТ), Кыргызстандын Китепкана жана Маалымат Консорциумунун (КМК), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Электрондук Китепканалар Ассоциациясынын (КР ЭКА) мүчөсү болуп саналат. Китепкананын кызматкерлери эл аралык жана республикалык конференцияларга жана иш-чараларга, ошондой эле маалыматтык жана китепканалык тейлөөнү жакшыртууга багытталган ар кандай долбоорлорго активдүү катышат.