Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
Кыргыз-Россия Славян университети 1993-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук келишиминин, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимине (Москва ш., 10.06.92-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына (Бишкек ш., 28.08.92-ж.) жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы (Бишкек ш., 09.09.1993-ж.) Кыргыз-Россия Славян университетин түзүү жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө макулдашуусуна Россия Федерациясынын токтомуна (Москва ш.,№149 23.02.1994-ж.), Россия Федерациясынын жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы менен Билим берүү жана илим министрлигинин (1994-жылдын 14- февралындагы №326-128/1) буйругуна ылайык ачылган.
2004-жылы Университетке Кыргыз-Россия Славян университетин түзүүгө кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн өзгөчө ыраазычылыктын жана урматтоонун белгиси катары Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Борис Николаевич Ельциндин ысымы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы негизинде ыйгарылган. Б.Н. Ельцин атындагы фонду жыл сайын Университетке каржылык колдоо көргөзүү менен гана чектелбестен окуунун эӊ алдынкы 50 студенттине стипендия жана Универститетти заманбап техникалар менен камсыздайт. Фонддун колдоосу менен Орус тили боюнча студенттик жана мектептик олимпиадалар, эл аралык илимий-практикалык конференциялар, КМШ өлкөлөрүнүн бирдиктүү билим берүү мейкиндиктерин сактоо менен өткөрүлүп турат. Университет Б.Н. Ельцин фондунун колдоосу менен жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган.

2008-жылдын сентябрь айында, Кыргыз-Россия Славян университетинин 15 жылдыгын карата башкы имараттын фойесинде Россия Федерациясынын биринчи Президенти Борис Николоевич Ельциндин колодон жасалган бюсту орнотулуп салтанаттуу ачылган.
КРСУнун миссиясы
Ааламдашууда болгон өзгөчөлүктөрдүн чакырууларына эффективдүү түрдө технологиялык, социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө карата маселелерди чече билген, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы интеграция процессинде билим берүү жана илим тармагында эки өлкөнүн жетишкендиктерин жана тажрыйбаларын колдоно билген жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо.
Университет бүгүнкү күндө
Университет заманбап, динамикалуу өнүгүп жаткан илимий-билим берүү комплексин, кесиптик билим берүүнүн бардык баскычтарын, кошумча билим берүү тутумун, жогорку кесипкөй кадрларды, өнөр жай жана академиялык илим, бизнес менен мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнүн кызыкчылыгы үчүн бизнес-коомдоштук, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө негизделген өнүккөн илимий жана инновациялык инфраструктураны өзүнө камтыйт.
Университет жогорку билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде: бакалавр, магистратура, специалитет, аспирантура жана ординатура боюнча билим берүү программаларын ишке ашырат.
Университетте 7 факультет, 92 кафедра; профессордук окутуучулар курамынын ичинен 1263ү илимдин кандидаттары (53,4%), ал эми (15% ) илимдин докторлору. Баардык окуу формаларында окуп жаткан студенттердин жалпы саны-9110.
Профессорлор жана кызматкерлер арасында Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданият, илим жана техника тармагына эмгек сиңирген ишмерлер, КР билим берүүнүн отличниктери, «КРСУнун ардактуу профессору» наамынын ээлери, КРСУнун «Университетке сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйлангандар бар.
Университет жыл сайын студенттерди жана кызматкерлерди окууга жана стажировкага жакынкы жана алыскы өлкөлөргө (Англия, Германия, Италия, Польша, АКШ ж.б.) жөнөтүп турат. Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Өзбекстан, Түштүк Корея ж.б. өлкөлөрдөн студенттер КРСУдан билим алышат. Универститетте дарстарды өтүү үчүн жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн жыл сайын окутуучулар чакырылып турат. Webometrics Ranking of World Universities маалыматты боюнча 2017-жылы Эл аралык университеттердин рейтингинде КРСУ Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын арасында биринчи орунду ээледи.
Сыйлыктар
Ыраазычылык, 2003-жылдын 5-сентябры
Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин «Билим берүү жаатында орус жана кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» «Кыргыз-Россия Славян университетин сыйлоо жөнүндө» жарлыгы менен КРСУнун эмгек жамаатын жамаатына ыраазычылык билдирилген.
«Достук» ордени, 2017-жылдын 30-августу
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде Кыргыз-Россия Славян университети орден менен сыйланды.
Ыраазычылык, 2018-жылдын 29-июну
Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин буйругу менен «Россия Федерациясынын Тунгуч Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети» Мамлекет аралык жогорку кесиптик билим берүү мекемесинин жамааты «Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда орус тилин жана маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» ыраазычылык билдирилген.