Жугуштуу оорулар кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент
Радченко Елена Анатольевна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л. Толстой көчөсү, 70
(996 312) 88-25-25

Кафедранын кыскача тарыхы

2002-жылдын 30-августунда ректордун №167-б буйругунун негизинде профессор А.И. Романенко атындагы жугуштуу оорулар жана тери-венерологиялык оорулар кафедрасы түзүлгөн. 2006-жылдын 1-сентябрынан ректордун №259-б буйругу менен жугуштуу оорулар кафедрасы болуп өзгөртүлдү. Кафедра КРСУнун медициналык факультетинин окуу-илимий түзүмдүк бөлүмү болуп, окуу, усулдук, илимий-изилдөө жана дарылоо-консультативдик иштерин жүргүзүп келет..

 

Кафедранын негиздөөчүсү жана биринчи кафедра башчысы Александр Иванович Романенко болгон. А.И. Романенко тарабынан 100дөн ашуун илимий эмгек, медицина илимдеринин 9 кандидаты, 2 илимдин доктору даярдалган. 2015-жылы кафедрага анын аты ыйгарылган.

 

2014-жылдын апрель айынан азыркы учурга чейин кафедраны анын окуучусу м.и.к., доцент Радченко Елена Анатольевна жетектейт.

 

Кафедранын кызматкерлери Кыргызстандын инфекционисттери  жана гепатологдору коомунун, Россия Федерациясынын EASL гепатологдор коомдору ассоциациясынын мүчөлөрү; жугуштуу оорулар тармагындагы адистердин Эл аралык ассоциациясынын (МАСОИ) мүчөлөрү болуп эсептелет;

 

Кафедра ЛД, ПД, СД студенттерине жугуштуу ооруларды жеткиликтүү деңгээлде окутуу үчүн, «Инфекциялык оорулар» адистиги боюнча ординаторлорду, аспиранттарды даярдоодо жетиштүү профессорлук-окутуучулук жана окутуу-көмөкчү курам менен камсыздандырылган. Кафедранын илимий-изилдөө иши үч негизги багытта жүргүзүлөт: вирустуу гепатиттер, курч респиратордук жана курч ичеги инфекциясы. Кафедрада аспирантура ачылган, учурда 2 аспирант окуп жатат.

 

Кафедранын окуу базасы болуп Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык  жугуштуу оорулар ооруканасы эсептелет. Ал жакта кафедранын профессорлук-окутуучулук курамы окуу жана окуу-консультативдик ишин жүргүзөт.