Академик В. М. Плоских атындагы Тарых кафедрасы

Кафедра башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент
Ставская Людмила Георгиевна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй пр., 44, 419-бөлмө
(996 312) 43-75-11
(996 312) 68-00-22

Кафедранын кыскача тарыхы

Кыргызстан-Россия Славян университетинин Гуманитардык факультетинин Тарых жана культурология кафедрасы  университеттин бирден-бир эски кафедраларынын бири. Кафедра 1993-жылы  гуманитардык дисциплиналар кафедрасы катары, академик В.М. Плоскихтин кафедра башчылыгынын астында түзүлүп, бүтүндөй гуманитардык факультеттин калыптануусу үчүн негизги ролду аткарды, анткени  алгач психология, филология, культурология сыяктуу багыттарды өзүнө камтыган. Окуу стандарттардын жана окуу пландардын иштелип чыгуусу  ошол мезгилде эле белгилүү болгон профессорлор  В.Плоских жана А.Брудный, тарыхчылар В.Мокрынин, В.Воропаева, Г.Харченко, Н.Харченко, филологдор А.Орусбаев, М. Рудов, философ В.Тутлис сыяктуу окумуштуулар тарабынан негизделген. Окуу программаларын, методикаларын иштеп чыгуу менен бирге профессордук-окутуучулар жамаатынын жана студенттердин  негизги изилдөө программалары аныкталган, илимий мектептер негизделип,  андан ары өсүүгө жетишишкен.

 

Кыргызстан-Россия Славян университетинин телчигүү мезгили Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүнүн калыптанып, толуп турган учуру менен дал келет. Студенттер билим алган гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын багыты  актуалдуу жана талапка жооп бергендиктен, кафедра гуманитардык факультет болуп кайра түзүлөт.   “Психология”, “Филология” сыяктуу эле, “Культурология” адистиктери өз алдынча кафедра болуп, 1995-жылы бөлүнүп чыгат. 1997-жылы кафедрада “Тарых” багыты ачылат. 1998-жылы –“Архитектура жана дизайн” (кийин бул багыттар өз алдынча архитектура, курулуш жана дизайн  факультетине бөлүнөт). 2006-жылы кафедрада кайрадан жаңы  “Жарнама жана коомчулук менен байланыш” багыты  пайда болот. Ар дайым кафедрада жаңы багыттар ачылганда, окутуудагы жаңы методикаларды, илимий изилдөөлөрдөгү жаңы багыттарды колдонгон  мыкты кесипкөйлөр келип кошулган. Бул өз учурунда кафедраны  тиешелүү деңгээлге жеткирген.

 

2013-жылы “Жарнама” өз алдынча кафедра болуп бөлүнгөн.