Гистология, цитология, эмбриология кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент
Калугина Ольга Петровна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, кичи район. Аламүдүн - 1, ул. Загорская, 36/1, 1-корпус
(996 312) 63 54 06

Кафедранын кыскача тарыхы

«Гистология, эмбриология, цитология» кафедрасы 1994-жылы Кыргызстан-Россия-Славян университетинин медициналык факультетинин курамында ачылган.
Кафедрада «Дарылоо иши, педиатрия, стоматология» адистиктери боюнча адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөт. Окутуу 2 семестр аралыгында жүргүзүлөт: биринчи курс үчүн 2-семестрде, экинчи курс үчүн 3-семестрде. Окутуу формасы – күндүзгү окуу, бюджеттик жана контракттык негизде. Студенттерди окутуу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кафедрада 4 окуу аудиториясы жабдылып,  бирөөсү интерактивдүү такта менен дайындалган.

Кафедрада окуу процессин жакшыртуу жана жаңылантуу үчүн азыркы шарттарда колдонуучу заманбап, мультимедиялык технологиялар жана алыстан окутуу форматынын базасында иш жүргүзүлөт. Окуу процессинин жакшыртылуусу үчүн микроскопиялык үлгүлөрдүн сүрөттөрүнүн банкы түзүлдү жана өркүндөтүлүп жатат. Компьютерлерди колдонуу менен аларды көрсөтүү үчүн окуу тасмаларынын топтому топтолгон. Кафедрада дайым чыгып  турчу окуу колдонмолору  чыгарылып жана гистология курсу боюнча лекция окуу иши улантылууда. Жыл сайын эң жакшы окугандардын арасында «Гистологиянын билгичтери. Эмне? Качан? Эмне үчүн?» деген конкурс-олимпиада өткөрүлүп турат. Кафедра 2020-жылдан тарта кафедранын доценти А.Р.Рыскулованын атын алып жүрөт. Кафедрада илимий студенттик ийрим иштейт.